Аптанын жаңылыгы
Күчтүү президенттик башкаруу орун алган Орусия Кыргызстанды «катастрофа күтөт» деп опузаласа, парламенттик Түркия биздин багытты колдоорун айтты.
Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга 1-февраль күнү келген сапарында өлкөнүн парламенттик башкарууну тандап алганын колдой тургандыгын билдирди. Союз кезинде союздаш болгон Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу – катастрофа” деген эле. Эми суроо жаралат: Кыргызстан үчүн кимиси күйөт?
“Парламенттик башкаруу системасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тажрыйбадан өткөн. Кыргызстанда бул системанын келечегинен шек саноонун кереги жок”,- деди Эрдоган мырза.
Түркиялык өкмөт башчы Кыргызстан коррупция менен болгон күрөшүн күчөтүшү керектигин баса белгиледи. Бир кезде Түркияда да уюшкан кылмыштуулук жана паракорчулук гүлдөп-өнүккөнүн айтат. Бирок түрк боордоштор бул баш оору менен күрөшүп, ооздуктай алышкан. Экономика маселелерине токтолгон ал: “Ишеним менен туруктуулук – эң негизги нерселер. Алар жок болсо, экономика өнүкпөйт”,- деди.
Эми март айында премьер Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барары белгилүү болду. Эрдогандын айтымында, өкмөт башчылар жыл сайын жолугуп турууга келишишкен.
Башкача айтканда, Кыргызстан мурдагы эле эски станокту колдонуп журо бербей, жаны чыккан, дуйно жузундо озунун эффективдуулугун корсоткон "жаны машинаны" колдонуп баштады дегендик.
Биз эч качан унутпашыбыз керек "Орус менен дос болсон,Ай балтанды кармай жур"-деген макалды.