Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЗАЙЫРБЕК АЖЫМАТОВ ЖАНА АНЫН ЭРКЕ КЫЗЫ КАРЛЫГАЧ...№1121
Мен баягы жолдо турам, Сага бир барсам деген ойдо турам. Билбеймин кайда экенин башка достор, Ортого мезгил дубал орнотулган. Турмушка куурчак болдук ойнотулган... Көр тирилик кызыгына батып алып, Билинбей туш тарапка чачырадык. Дүйнөнү багынткандай басып кеттик, Болгону бирден сулуу катын алып... Бул керемет саптардын автору, чыгаан акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун арабыздан кеткенине жакында 4 жылдын жүзү болду. “Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт” деген чын сыягы, Зайырбек агабыздын атын анын калемине таандык ырлар өчүрбөй турганын турмуш көрсөтүүдө. “Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, кечээ эле жаныбызда жүргөндөй болчу, анын жоктугу бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөбүз үчүн чоң арман” дейт жубайы Анара Жансариева. Акын көзү тирүүсүндө кичинекей кызы Карлыгачтын кызыктуу окуяларын көп баяндап берер эле. Ошол кичинекей Карлыгач быйыл 4-классты бүттү. Анара айым менен Карлыгач редакциябызга келип кызыктуу маек куруп беришти. - Куш келипсиздер, Анара айым, Карлыгач! Жакында маркум Зайырбек агабыздын туулган күнү өттү, кантип белгиледиңиздер? Анара Жансариева: – Саламатсыздарбы? Чакырганыңыздарга чоң рахмат. Ооба, 27-май – атабыздын туулган күнү болчу. Балдары менен жай башына барып куран окуп, гүл коюп келдик. Кербенден туугандарыбыз келген эле, аларга үйдөн да куран окуттук. Биздин үй-бүлөдө күн сайын атабызды эстеп, анын кызыктуу жоруктарын бири-бирибизге айтып берүү адат болуп калган. Балдардын түшүнө тез-тезден кирип турат. Ыраматылык күтүлбөгөн жерден, кокусунан кетип калды да, өзү деле мындай болуп кетерин билбесе керек. Жакшы көргөн кызы Карлыгачты өзү 1-класска жетелеп барган эле, Каку деп эркелетчү, мына, Какусу чоңоюп келе жатат. Улуу балабыз Дубайда, экинчи балабыз Мелис быйыл университетти бүттү, ортончу кызыбыз Айназик “атамдын жолун улайм” деп жогорку окуу жайдын журналистика факультетинде 3-курста окуп жатат. Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, арабызда Зайыр гана жок. Калганы баягы көр тирлик, баягы турмуш, баягы түйшүк. Тилегеним – артында калган балдарына татыктуу тарбия берсем, ушулар мыкты адам болуп, атасынын атын өчүрбөй бийик көтөрүп жүрүшсө. - Балдарынын ичинен атасынын акындык өнөрүн улантчулар барбы? Карлыгач: – Атамдын өнөрү мага өткөн. Анткени мени баарынан жакшы көрчү да. “Кара кызым”, “томпок кызым” деп күндө таттууларды, оюнчуктарды көтөрүп келет эле. Айылга кетсе апама телефон чалып “менин кара кызымды көрсөт” дей берчү, а мен оюнга алаксып ойнойм деп кетип калат элем. Кичинемде эмне кызык болсо баарын атамдан сурачумун, эринбей отуруп жооп берет эле. Мен кээде ыр жазам, бирок өзүмө жакпаса көп ырларымды эч кимге окутпай ыргытып жиберем. Менде акындык өнөр эми ойгонуп жатат окшойт, чоңойгуча кыргызча жакшы ырларды жазып калам деп ойлойм. А.Ж.: – Ооба, Карлыгач орус класста окуйт да, орусча ойлонуп, ырларды да орусча жазып жатат. Ошого быйыл кыргыз класска которсомбу деп жатам. - Карлыгач “атам мени өзгөчө жакшы көрчү” деп калдың, атаң менен өткөргөн кызыктуу учурлардан айтып бербейсиңби? К.: – Мен 1-класска барганда көнө албай аябай кыйналгам. Жалгыз калсам эле атам менен апам мени таштап бир жакка кетип калчудай сезилчү. Атам менен апам кезектешип, бир жума менин сабагым бүткүчө терезеден карап турушкан. Класста улам-улам терезени карап сабак жазчумун (күлүп). Бир жолу 3 сомдук тыйын таап алып “ата машинаңызды ушул акчага оңдотолу” деп айтсам, атам аябай каткырган. Байкемдин дептерлерине сүрөт тартып салып, эжемдин телефонун сууга салып жиберип... Аябай тентек болчумун да. Тентектик кылганда чуркап келип атамдын астына унчукпай отуруп калчумун. “Дагы бир нерсени баштап келдиңби, кызым” деп калчу. А.Ж.: – Карлыгач атасынын эркеси болчу да. Ушул кызына көзү тойбой кетти, байкушум. Тим эле үзүлө түшүп жакшы көрчү. - Анара айым, жолдошум романтик эмес болчу деп айткан элеңиз, сизге болгон сезимдерин кантип билдирчү? А.Ж.: – Адамдын жаш курагы жогорулаган сайын сүйүү деле ага кошо чоңоёт окшойт. Жаш кездегидей өрт болуп сүйбөсө да, мага болгон сыйын, ыраазычылыгын ыр аркылуу билдирип турчу. Биринчи сынчысы мен элем, Зайыр чөп чаап жүрөбү, короону тазалап жүрөбү, ырдын эки сабын эле кармачу, дароо мага айтып “ушуну бир жерге жазып койчу” дейт эле. Мен жазып алам, кийин кененчиликте ошол эки сапты чоңойтуп ыр кылып жазып салчу. Зайырдын турмушта өксүгү көп болчу, жетимчиликти башынан өткөрдү, карындашы менен инисин өзү багып чоңойтуп, жаштайынан бир үй-бүлөнүн түйшүгүн моюнуна көтөргөн, 19 жашында үйлөнүп алып балдарды багабыз деп экөөбүз канча темселедик. Эгер Зайыр көр тирликке алаксыбай чыгармачылыгы менен гана кетсе, не бир керемет чыгармалар жаралмак деп ойлойм. Ошол өксүгүн, ошол боштукту кийин китептер, ыр жазууга болгон аракети, тагдырына туш болгон чөйрөсү толтурду. Мен аны “битир” деп тамашалайт элем, анткени тойлорго мени менен чогуу барбайт эле, дайым жалгыз барчумун. “Тойго кетирген убакытты башка пайдалуу ишке жумшаган жакшы” дечү. Бир жолу “ээ, кемпир, мага өзүң “Жылдын мыкты эри-2017” деген наамды бербесең болбой калды. Айылыңа жөнөттүм, өзүм мончо, сарай салдым” дейт. "Мыкты эр аталыш үчүн атаандаштарың болуш керек да, сени кимдердин арасынан мыкты деп табам, жок эле дегенде эки эрге тийишим керек" деп койсом, “тү-ү ёлки, мыктыны бербесең кой, оозуңа таш!” деп жинденип алыптыр (күлүп). - Бала тарбиялоодо эмнелерге басым жасачу? - Балдарыбыз “бактылуу балалык тартууладыңар, апа, ата. Сиздерге рахмат” десе кубанып калчубуз. Болбосо балдарыбызды кымбат, сапаттуу билим берген мектептерден окута алган жокпуз, кээде мыкты кийиндиргенге деле шарт болгон жок. Азыр балдарды оюн-зоок жайларына көп алып барышат эмеспи, антип алып барганыбызды деле эстей албайм. Ал тургай бирин да бала бакчага бере алган жокпуз. Мектепке бара баштаганда кээде кышкысын өтүктөрүнөн суу өткөн кездер болду. Дасторконубуз дайыма эле толо болуп турган жок. Азыр ошол кыйын күндөрдү балдарым жагымдуу, күлкүлүү, бактылуу учур катары эскерип отурушса ичим элжирейт. Демек, биз балдарыбызды жокко да, барга да көндүрүп чоңойтуптурбуз. Кеп баланын кандай кийингенинде, кандай мектепте окуганында эмес экен. Бала ата-энеден жетиштүү мээрим, сүйүү алса эле сөзсүз кайтарымы болот тура. - Бар болуңуздар!
Лунара Бекиева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|