Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жеңишгүл Өзүбекова, акын, драматург: «Кыргыз тили күнүн майрамдабай, көңүл айтыш керек»№1138
«Жолдошум көп кыйынчылык көрдү, бирок өзүнүкүн берген жок» – Кыргыз тили күнүн майрамдабаш керек, тескерисинче, көңүл айтыш керек. СССР деген держава албууттанып, 15 өлкөнү чеңгелинде мыжыгып турган мезгилде мамлекеттик кыргыз тили күнүн майрамдоо – бул чоң эрдик болчу. Биз ошол азаматтарга таазим кылышыбыз керек. Мамлекеттик тил комиссиясына жетекчи болуп жөн адамдар иштеген жок, баары эне тил десе ичкен ашын жерге койгон азаматтар. Арасында менин өмүрлүк жолдошум Ташбоо Жумагулов да бар. Ал жакта эми бардык аракетиңди микроскоп менен карагандай эле аңдып турушат экен да. Ташкем (ред.: жолдошу) улуттук тил комиссиясын жетектеп турганда баягы түзмө-түз, робот которгондой “Любовь-морковь – сабиз сүйүү” деген котормолордун баарын жоготкон. Президенттикке талапкерлер кыргыз тилинен сынак тапшыра башташкан. Ташкем “кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болот, көрөсүңөр” деп эле күйүп-жана берчү. Ошондо орусиялыктар “Чингачгук в скорлупе” деген макала жазып Ташкеме асылышкан, анысы аз келгенсип юмористтери тамашаларына кыпчып кеткен учурлары да болгон. Эч кимге тийишпей эле эне тилибизди өнүктүрүп жатканыбызды эмнеге алар анчалык оор кабыл алышат деп таң кала берчүмүн. Жолдошум көп тоскоолдуктарга чыдады, күрөштү, бирок өзүнүкүн берген жок. «Сыйлыкты 15 жылдан кийин беришти» – Жакында мага Улуттук тил комиссиясы “Кыргыз тили” төш белгисин берди. 2009-жылы Улуттук тил комиссиясын жетектеп турган жолдошума “Ээ, Ташке, мен деле эмгек сиңирдим окшойт. Поэзия, драмаларымды айтпаганда да сериалдарым менен ар бир кыргыздын үйүндө жүрөм. Бул кыргыз тилин жайылтууга кошкон салымым эмеспи, ыя?” десем, “Жеңишгүл, сен иштей берчи, сыйлыкты кийин сага өздөрү издеп келип беришет” деп койгон. Анын айтканындай эле болду, “Ташкем бербеген сыйлыкты силер 15 жылдан кийин бердиңер” деп тамашаладым. Туура кылган экен, жарыктык, аялынын көңүлүн карап сыйлык берип койсо, көп туура эмес сөздөр чыкмак экен. Көрөгөчтүк кылган тура.
– Ташкем экөөбүз Улуттук университетте окуп жүргөндө таанышканбыз. Анда мен суйкайган шаардык кызмын, Ташкемди силер сүйрүсүнөн сүт толуп, туурасынан эт толуп калган кезинде көрүп калдыңар да. Жаш кезде кичинекей арык жигит болчу. Алгач такыр теңиме алган жокмун, эптеп жаныма келип кошоматтанып сөз айтып кетчү. Үй-бүлөлүү да болчу, ошого да маани бербесем керек. Кийин турмушка чыгып кеттим. Турмуштан ажырашып жүргөндө тагдыр бизди кайра жолуктурду. Анда 28 жашта элем, Ташкем да ажырашып, катуу чөгүп жүргөн кези экен. Экөөбүз бирден дубал сүзүп көрүп, чекебиз шишип, ак-караны айырмалап калган куракта табыштык. Ал кезде менин күйөө дегенден көңүлүм калган болчу, бирок агаңар көгөрүп артымдан эки жыл жүрүп баш кошкон. Мурунку никесинен балдары Кудайга шүгүр эле. Мен бир уул, бир кызым менен турмушка чыктым. Экөөбүз Илимбек деген уулдуу болуп, азыр ал 4 балалуу болуп калды. Мен ошол баламдын колундамын. «Үйгө эт алып келеби деп күтсөм, китеп көтөрүп келиптир» – Жолдошум иштин майын чыгарат эле, бирок жашоонун эмес (күлүп). Чогуу 40 жыл жашап көп сыноолорду, жокчулукту баштан өткөрдүк. Айрыкча өлкөбүз эгемендик алган алгачкы жылдары. Көптөр завод-фабрикаларды талап-тоноп жатканда жолдошум үй-бүлөсүн өкмөттүн карандай айлыгына бакты. Бир жолу үйдө эт жок, эмне тамак жасайм деп башым маң, кечке жуук атабыз эт көтөрүп келер деп күтүп отурсам толтура китеп көтөрүп келсе болобу?! “Аа, кокуй” деп эле калдым. “Үйдө эт барбы? Балдар канча күндөн бери эт жей элек?” деп сурачу эмес. Анан үйдө болгон күнүмдүк макарон, картошка менен тамак кылып койсом ошону тамшанып жеп, ырахаттанган бойдон кайра чыгып кетет эле. «Таарынычтан улам «Карагыз» чыгармасын бир түндө жазып салгам» – Бир жолу Жаңы жыл тосуп калдык. Советтик жаран катары анда баарыбыз совет шампаны менен тосчубуз майрамды. Дүйүм дасторкон жасап “азыр Ташкем шампан алып келсе чогуу тособуз” деп күтүп отурам. Бирок бир шампан алып келе албай койду да. “Эми жок болсо жок да, шампансыз эле тосо бергилечи” деп саат тогузда эле жатып алды. Ичимден ушунчалык ыза болуп таарындым. “Ушул кантип күйөө болсун, бир шампан алып келе албаса” деп улам-улам өзүмө суроо берип коём. Ошондо балдарымды уктатып туруп, түнү менен “Карагыз” чыгармасын жазып салгам. Жакшы чыгарма жаратыш үчүн деле бир түрткү керек болгон окшойт. “Карагыз” – менин чыгармачылыгымдын туу чокусу деп эсептейм. Көзүмдөн салаалап жаш агып, ичимдеги башкача бир ыза менен жазган элем. “Апамдын махабаты” да биз Кировкада жашап жүргөндө жазылган. Айылдагы кадимки турмуш, ылай чылап, сарай куруп, буурчак терип, тамеки тизип жүргөн күндөрүм болгон. Мына ошол турмуштун баарын “Карагыз”, “Апамдын махабаты” чыгармаларымда чагылдырып кеткем. «Жолдошума көп кыз-келиндер ашык эле» – “Сыңар сөйкө” деген ырымды көбүңөр билесиңер. Аны Ташкем кийин тамашага салып досторуна “кыйын болсоңор силер да чөнтөгүңөргө сыңар сөйкө салып келбейт белеңер” деп чычалата берчү. Чынында, жолдошума көп кыз-келиндер ашык болгон, менин бою кичинекей күйөөм кимге кызык деп ойлоп жүрсөм, көрсө, сөзү менен эле сүйдүрүп алчу тура. Жарыктык жугумдуу, сөз баккан киши болчу. Мени “чыгарма жаз, калем кармабаганыңа көп болуп кетти” деп түрткүлөгөн да ушул киши эле. Тегерегинде дайыма балга чогулган аарыдай болуп топ киши жүрчү. Кээде кызганып калганымда “Жеңишгүл, сен менин ичиме бир эле жолу кирип чыкчы, ошондо билет элең ордуң кайсы жерде экенин” деп калчу. «Кудай бизге оор ажырашуу берди» – Жолдошум көп жыл онкологиялык оору менен алышып жүрдү. Акыркы көз ирмемине чейин жанында болдум. Коридордо баратсак арабада отурган, сөөгү менен териси эле калган, чачы жыдып түшкөн бейтаптарды көрсөтүп “карасаң, булар ошол оорудан да, менин кайсы жеримде ошол оору?” дечү. Чын эле Ташкем арыктап, жүдөп же баса албай калган жок. Эрки бекем, духу күчтүү киши эле. Ооруканага көргөнү келебиз дегендерге “кызыл вино көтөрө кел” деп буюртма берип, кооз фужерге куйдуруп иччү. Ошентип жапжакшынакай жүрүп эле каза болуп калды. Пандемия күчөп, чек аралар, аба каттамдары жабылган мезгилде о дүйнөгө кетти да. Ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков “кыргыз тилине күйгөн азаматыбыз Москвада калып кетпесин, алдырталы” деп, ал кишинин тикелей кийлигишүүсү менен сөөгүн Кыргызстанга алдыртышкан. Новосибирскке чейин учак менен, андан бери Казакстандын талаасын аралап 3 күн, 3 түн унаада жол жүрүп алып келгенбиз. Астанадан бизди ал кездеги элчи, азыркы тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев термосуна ысык кофе жасап күтүп туруптур. Көңүл айтып, транспорт берип узаткан, ага да ыраазымын. Ташкемдин духу ыраазы болсун. Пандемияга карабай акыркы сапарга узатууга эл көп келди. “Урдук пандемияңды, ушундай кишиге кантип топурак салбай коёбуз?” дешти. Ташкемдин эли-жерине кадыры сиңген экен, эли да ошол сүйүүнү кайтарды. Мен ушундай адам менен маанилүү, маңыздуу, көркөм жашаганыма бактылуумун. Сүйлөсө сөздүн балын терип, иштесе иштин майын чыгарган Ташкемдей кишилер азыр аз.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|