Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)№1139
– Карып кетипсиң...- деди аялдын ичи ачыша. Тиги жылмайып башын чайкап койду. Муну менен жолугуп калам деп бир ойлосочу. Эгерде алыстан караанын эле көргөндө качып кетмек. Бул так маңдайынан чыкты. Качканга же саламдашпай өтүп кеткенге болбой калды. Жүрөгү солк этти. Дайым ушундай, качан Элести көрсө ушундай реакция болот өзүндө. Курган жүрөк бир солк этип алып, тыпырап кага баштайт. Куду биринчи жолу көргөндөй. Канча жылдар өттү, суулар акты, ал эми бечара жүрөк эч мурункусунан жазбайт. – А сен мурункудай эле экенсиң. Элес муну кермек даамы бар какшыктай сезип, кыпкызыл болуп кетти. Али бул сөздү чын дилинен эле айткан болчу. Мурункудай супсулуу. Арыкчырай, койкойгон денеси дагы деле көркөм, болгону көздөрү кайгылуу. Бул көздөрдүн капканына бир чалынган адам оңбой калат. “Ансыз деле оңбой калбадыңбы” деди ичинен өзүн-өзү шылдыңдаган Али. – Кечирип кой, сага башкача угулушу мүмкүн, бирок мен чын дилимден айттым. Сен чындап мурункудай эле экенсиң. – Кандай анан, жашооң?- деди аял, керилген каштарын серпип маңдайына түшкөн чачтарын оңдоп койду. Дагы бир тааныш кыймыл. Али көзүн ала качты. Көргөнчө көрбөй күйгөн оң муну. – Мурункудай, өзүң билгендей. Чапкылап жүрөм. Биздин ишти билесиң да. – Үйлөнө элексиңби? – Кантип үйлөнөм?- деди оозун ачкан Али. Башкалар айтса эч нерсе эмес эле, Элестин айтып турганына жаны кейип кетти. – Менин балдарым... Билесиң... Дагы деле издеп жүрөм... Тамагына бир нерсе туруп калгандай, андан ары бир сөз айтса ыйлап жиберчүдөй буулугуп кетти. Азыр бир ооз сүйлөсө эле ыйлап жиберчүдөй тиштенип турду. – Али, он жыл өттү... – Хе, сен айтпачы ушуну... Канча жыл өткөнүн сенден жакшыраак билем. 10 жыл, 5 ай, 8 саат... – Эгерде бир жылчык болсо табылмак... Үч көтөрдүң өлкөнү, журналист кесиптештериң такыр эле апта калтырбай жазып, сүрөттөрүн байма-бай чыгарып жатышты. Атаң, өмүр бою органда иштеген адам, ошол да таба албады. Дагы канча издейсиң? – Өмүр бою издейм. Акыркы демиме чейин балдарымды издейм жана табам. Көрөсүң, мен табам! – Он жыл өттү...- деди Элес ойлуу. Али терең дем алып, демин басып биртке турду. Анан айтпай коёюн десе болбой оозунан ушул сөз ыргып кетти. – Мени таң калтырган эмне, билесиңби? Сен кантип унутуп калдың? Алар сенин балдарың болчу. Сен аларды тогуз ай бою курсагыңда көтөрдүң. 5 жыл бирин, 4 жыл бирин коюнуңа алып жаттың. Жыты мурдуңда калды. Элестери көз алдыңда. Сен кантип эл катары үмүт үздүң? Сен кантип ушинтип эле жоготуп алганга макул болдуң? – Үзбөгөндө эмне кылат элем? Сен айтчы, эмне кылышым керек эле? – Жанымда болушуң керек болчу. Али акыры өктөөсүн айтып тынды. Элес жаштуу көздөрүн ала качты. Акырын гана башын чайкады. – Сенин жаныңда жашоо мүмкүн болбой калганы үчүн кеттим. Сени менен жашоо тозокко айланды. Сен бир аңга түшүп кеттиң, чыга албай жаттың. Мени ошол депрессиянын чуңкуруна кошо түшүрө баштадың. Ага да чыдайт элем, сен мени дем алдырбадың. Мага сенин жаныңда аба жетпей жатканы үчүн кеттим мен... – Анан дароо эрге тийдим де... – Эмне кылат элем? Жашоо уланыш керек болчу. Сени менен кошо мүңкүрөп отура бергенде эмне пайда тапмакмын? Ооба, эрге тийдим. Балалуу болдум. – Сен алардан оңой эле үмүт үзүп койдуң!- деди өжөрлөнгөн Али. – А сенчи? Үмүт үзбөй тытынып издеген сен кайсы пайданы таптың? Сени ойлогондон, сага жан тарткандан улам айтып жатам. Өтмүштү жайына кой. Өттү, кетти. Баары бир кайтарып ала албайсың ал күндөрдү. Али бир нерсе айтайын деп калганда аларды көздөй келе жаткан кичинекейди көрдү. Ушул учурда ал Элести көздөй чуркап жетти. Кыз бала экен. – Апаке... Алинин көзү бакырайып кетти. Так өзүнүн жоголгон кызы аны көздөй чуркап келе жаткандай сезиле түштү. Аябай окшош экен. Чачы, өңү, көздөрү... Кичине кыз апасын кучактап, бир нерселерди айтып жатты. Элес эмне кыларын билбей калды. Бала багуучу кыз аны коё берип жиберет деп ойлогон эмес эле. Бул кыз Алинин жарасын тырмай турганын сезчү. Аны бир карап алып заманасы куурулуп кетти. Эми Элестин жүрөгү күйүп бара жаткандай сезди. Алинин көздөрүндөгү балдарына болгон кусаны, тойбой калган сүйүүсүн, өксүк болгон көңүлдү, айыга элек жараны көрбөй коюш мүмкүн эмес эле да. Бир нерсе деп жубатыш да мүмкүн эмес. – Жүрү, кеттик, кызым. Айсулуу... – Эмне-е? Али түтөп кетти. Жоголгон кызынын атын да кийинки тийген күйөөсүнөн төрөгөн кызга коюп алганын карасаң. – Ооба, Айсулуу! – Башка ат таппай калдыңбы? – Менин тагдырга берген жообум ушул болду, Али. Балдарымды таппай калганда алардын ордун баса турган нерсеге мен да муктаж элем. Менин жашоого үмүт кылдырган, андан ары жолумду улаганга күч берген ушул кыз... Мен сендей күчтүү эмесмин, Али. Мен агымга тескери сүзө албайм. Мен жөн гана баш ийем. Сен да баш ий. Али сөз таба албай калды. Ушундан көрө көрбөй, билбей койсо эмне? – Аман бол... Күңк эте берди да, бурулуп басып кетти. Элес кызын колунан жетелеп ары кетти. Али бир аз баскандан кийин артына кылчайды. Кылчайбай басып кеткиси келген, бирок эмнегедир дагы бир жолу көргүсү келди. Элес кымбат баалуу машинеге түшүп узап кеткенин көрдү. Каңырыгы түтөп кетти. Оңой эле минтип өз бактысын куруп кеткен мурунку аялына жакшылык каалай албай же ичиндеги ич күптүсүн коё бере албай түйшөлдү. “Эмнеге ушул сейил бакка келдим эле?” деп да кыжалат боло берди. Көрбөсө болмок. Алиден кийин турмушка чыгып, жакшынакай кыз төрөп кадимки жашоосу менен жашап жатканын көрбөсө болмок. “Эмне кылсын, ага да жашоо керек. А балким, анын кылганы туурадыр. Же бир майнап чыкпагандан кийин...” Ушинтип ойлоп алып өзүнө-өзү жини келип кетти. Кайра эле ичинен Элести күнөөлөп жатканын сезди. Кантип унутуп койгонго болот? Эч нерсе болбогондой, андай балдар төрөлбөгөндөй, Алиге эч кандай сезимдери болбогондой баарын унутуп койгону кантип болсун? Башка адамдар унутсун. Болду, эми табылбай калды десин, бирок Элес антпеши керек эле да. Ал Алинин жанында үмүтү өчпөй, дагы да болсо изин кубалап тынып-тынчыбай жашаш керек эле. “Жок, туура эмес кылып жатасың, Али. Сен да он жылдан бери тынчышың керек эле” деди өзүнө-өзү. Тилекке каршы, бул анте албады. Ойлуу келе жатканын анын кошунасы Болот көрүп калды. – Ассалоом алейкум, ой, сен эмне такыр эле шаабайың сууп? – Алейкум салам, чарчадым. – Албетте, чапкылап эле жүрөсүң. Журналисттердин баары эле сендей тынчы жок немелер болушабы, ия? Али күлүп жиберди. Күлгөн ага аябай жарашат. Маңдайы жаркый түшөт. Өзү да өтө көрктүү неме, күлгөндө ого бетер бажырая түшөт. - Сага канча күндөн бери бир арыкчырай кара көз айнек тагынган жигит келет. Кызыктай неме экен. Чукулап эле бир нерселерди сурамыш болот. Шектенип калдым. Телефон номериңди берген жокмун. - Болот байке, ким экен ал? Эмне дейт? - Али деген журналистке жолугам дедим эле дейт. Анан... - Ии? - Балдары жоголуп кеткен турбайбы? Табылдыбы, палан-түкүн... Кыскасы бир аз шектендим. Аркасынан телефонго тартып калдым. Али дароо чыйрала түштү. Он жылдан бери ага балдарыңды таап берем деп эчендер келди. Көзү ачыгы, бакшысы... Билип туруп деле кээде алданып калган учурлары болду. Бирок бир дагы жолу эч биринин аркасынан түшпөй койгон жок. Болот байкеси ага сүрөтту көрсөттү... (Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|