Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Азим (Денис): «ЖАРТЫ ТАГДЫР МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕМ»

№433 18-24-февраль, 2011-жыл.


Жүрөк сыры

Редакцияга баш баккан бул жигитти көчөдөн көрсөм, оор трагедияны көтөрүп жүргөнүн, осол тил менен айтканда, гей экенин байкамак эмесмин. Мотурайган айылдык кыргыз жигиттин кыздарга мүнөздүү уяңдыгы сүйлөгөндө гана билинип турду. “Окуп чыксаңыз” деди ал колундагы кагазын сунуп...

“АЛГАЧКЫ ЖОРТУУЛ”
– Өзүм 20 жаштамын. Башында бардык эле балдардай бактылуу элем. Кичинемде дээрлик балдардын оюнун ойнобой, кыздарга жакын болчумун. Чоңойгон сайын менде эркектерге болгон кызыгуу басымдуулук кыла баштады. Баарынан да адам өз табиятын түшүнө албай кыйналганы жаман экен. Жигит чоңойгон сайын кыздарга ыктап баштайт го. А мен кыялымда эркек менен төшөктө жатканымды элестете берчүмүн. Кийин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуй баштаганда гей дегендер болорун угуп, ал тууралуу биле баштадым. Бир чети “мага окшогондор да бар тура” деген ойго келип сүйүнсөм, экинчи чети “кантип мен гей болоюн, демек, мен оорулуу адам турбаймынбы?” деп сыздадым. Бир күнү “гейлер менен таанышам” деген жарыяны окуп, телефон чалдым. Телефондогу Рахат деген жигит жагымдуу сүйлөштү.
Гейлердин чөйрөсү... Билесизби, бул чөйрөгө кабылганга чейин кыргыздарда ушунчалык көп гей бар экенин билген эмесмин. Мени бул чөйрөгө кошкон мырза бир байкенин үйүнө алып барды. Ошол түнү Рахат менен болдум. Ал жакта жашы 40тарга барып калган эки байке да бири-бирине кумар тартуулашты. Өзүмдөн өзүм жийиркенип, ушундай тагдырга туш болгуча өлүп калбай деп ойлодум. Бирок тор сымал жайылган арам жашоо мени арбай берди.

“ГЕЙ СУЛУУЛАРЫНА “СТАВКА” КОЮЛАТ”
– Гейлердин “Маяк” аттуу клубу бар. Ал клубга кимдер гана барышпайт. Саясатчылардан баштап шоу-бизнестин жылдыздарына чейин ошол клубдан көрүүгө болот. Гей эместер клубга киргизилбейт. Гейлер арасында сулуулар сынагы өткөрүлүп, катышкандарга акчалай “ставка” да коюлат. Жеңгендерди төшөгүнө алып жатуу үчүн да акча жумшалат. Гейлер “пассив”, “актив”, “универсал” болуп бөлүнүшөт. Мен эки ролду тең аткаргандардын арасына кошулам.
Үй-бүлөсү бар улуу байкелер бизге “бул нерсени баары бир таштай албайбыз. Гейлер аялына алымсынбай калышат. Жүрөгүбүздө үй-бүлөнүн да өз орду бар” деп калышчу. Булар эки жашоого өзүн бөлүп салган адамдар болуш керек. Алардын кадимки жашоосундагы аты башка, кылганы, сүйлөгөнү башка. А гейлердин дүйнөсүндө башка ысым коюп алышат. Коомдук жайларда кадимки эркектердей болгону менен, өздөрүнчө калганда кыздай кийинип алгандар да бар. Бул жолдон эң ыпылас нерселерди көрдүм. Баарынан да 50дөн ашкан аксакал “геймин” деп көйнөгүн көтөргөндө жашоонун жарыгы өчкөндөй болгон.

“НУРИК – БАКТЫСЫЗ СҮЙҮҮМ...”
– Менин сүйүүм бактысыз гана сүйүү эмес, Жараткандын алдында күнөө. Кичине кезимде молдодон сабак алып, дин боюнча да түшүнүгүм бар. Бирок сүйүү эч нерсеге баш ийбей койду. Нурик менден беш-алты жаш улуу. Медакадемияда окучу. Азыр борбордогу бейтапканалардын биринде иштейт болуш керек. Кээде экөөбүз отуруп алып “биздей жарым эркектер жаралбаса” деп өкүнүп калчубуз. Биздин мамилебиз алыска узабасын да билер элек. Мен каникулга кеткенде Нурик ата-энеси айткан кызга үйлөнүптүр. Ал мага телефон чалып, аны унутушум керек экенин айтты. “Жок дегенде дос болуп эле жүрөлү, мен сени бир айда бир сыртыңдан эле көрүп турайын” десем да макул болгон жок.
Ошентип кайгы жеп жүргөндө бизди тааныштырган Эрлан аттуу балага жолугуп, абалымды түшүндүрдүм. “Эгерде акча төлөсөң, Нурикти таап берем” деди. Нурик баш тартып койгонбу же өзү эле каалабадыбы, айтор, ал дагы кабарсыз кетти. Жанымды коёрго жер таппай жүрүп, Жанболот деген жигит менен тааныштым. Ал Нурикке окшош болчу, ошондуктан ага тез эле тартылып кеттим. Жанболот экөөбүз чогуу жашай баштадык. Анын сырткы келбети сүйгөнүмө окшогону менен, жан дүйнөсү таптакыр окшош эмес экен. Нурик эч качан мага жамандык каалап, шылдың кылгысы келчү эмес. А Жанболот айтылбай турган нерсени элге жар салып, тагдырымды талкалады.
Бир күнү “туугандарың менен тааныштырсаң” деп айтканынан эжемдин улуу баласын чакырып келгем. Үчөөбүз чай ичип отурсак эле ал “биз ушундай гейбиз. Акең дагы ошондой, туура түшүн” деп баштады. Иним мени тиктеп, бетиме түкүрүп туруп басып кетти. Ал эжеме айткан окшойт, урушуп, үйүнөн кууп чыкты. Ошентип, туугандардын арасында легендага айланып кеттим. Жездем мага кызыктай тигилип, жаралуу жанымды ачыштырган cөздөрдү айтат. Адам катары көрбөй, кемсинткенге өтүштү. “Сен үйүңө барып жашай бер. Жаңы жылдан кийин чакыртып алам” деген Жанболоттун башка менен жашап жатканын укканда ого бетер ыза болдум.
Мага эми өлүмдөн башка жол жок. Кийинки кездерде жалаң өлүм жөнүндө китептерди окуй баштадым. Же из которуп башка жакка кетип калышым керек. Бирок ата-энемди кыйбайм. Алар менин минтип калганым үчүн күнөөлүү эмес да. Менден башка уулдарынын убайын көрүп, жакшы жашоодо жашашын каалайм.
Кыйналып, мендей дүйнөдөн ордун таппай калган адамдар аз болсун деп силердин редакцияга келдим. Менин булганган ыйманымды тазарта турган эч нерсе жок. Бирок жаштарга айта турган сөзүм бар. Мени бул укугумдан эч ким ажырата албайт. Мага окшоп “геймин” деп таза жолунан адашып кеткен ага-инилерге бул жолдон кайткыла демекчимин. Силер гей эмессиңер, нукура эркексиңер. Болгону, шайтандын азгырыгына жетеленгенсиңер. Эгерде болгон күчүңөрдү, эркиңерди топтосоңор, ак жолго кайтып келесиңер.
Ал эми Нурикке жакшылык каалайм. Анын бул торду үзүп чыгып өз бактысын таап кеткени мага чоң сабак жана үлгү болду.

Жаратканым, ушулбу кең дүнүйөң?
Мазмуну жок өмүрүмдөн түңүлөм.
Жигит болуп, жигит сүйгөн жүрөгүм,
Миң дирилдеп, жалбырактай күбүлөм.

Турмуштун кыянына агып алдым,
Анткен сайын качат менин ыйманым.
Байкоосуздан ууландырып өмүрүмдү,
Тагдырдын ачуу шорун ууртап алдым...


Психологдун кеңеши

Ж.Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Бермет Наралиева жооп берет.

– Бул – инсандын туура эмес идентификациясы. Башкача айтканда, “мен” деген образдын туура эмес түзүлүп калышы. Кичинесинде ата-эне “сен эркек баласың!” деп тарбиялап, тарбиясында туура эмес көрүнүштөр болсо, баам салып турушу керек болчу.
Табият – баарынан улуу нерсе. Эркекти эркек, аялды аял кылып, бирине бирин керектүү кылып жараткан. Гей деген нерсе – ошол табиятка каршы чыгуу. Мына ошол табиятка каршы чыгып жаткан соң бул жигиттин жан дүйнөсүндө ушунчалык трагедия, дискомфорт болуп жатат. Эрк-күчүн пайдаланып мындай абалдан чыгып кеткендер да жок эмес. Жигитке жакшы жашоо үчүн, татыктуу жашоо үчүн күрөш деп кеңеш берет элем.

“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, бүгүн бул теманы жашырсак, ушул жигиттин кебетесин кийген, коомдон өз ордун таба албай жанчылган адамдар эртең да чыгат. Коомдун оорусу, көптөгөн Азимдердин трагедиясы болгон бул нерседен улуу кыргыз эли алыс болсо деген тилек...

Нуржамал Жийдебаева
коom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(59)
18.02.2011. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азим, сен жаратылыштан ошондой жаралсан, ага сенин куноон жок. Болгону Кыргызстандын коому мындай корунушту туура кабыл албайт жана толеранттуу карабайт(бул да сенин куноон эмес).
18.02.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мерген Тургандын омур кечи деген ырын уксанар гейлердин гимни дешет
18.02.2011. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе дей албайм. Просто, боорум ооруп кетти.
18.02.2011. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdardan myndaidy korgon emesmin. gei kyrgyzdarga jarashpait dagy,
bul jigit olyydon bashka aila jok dep olup kalgandan koro shaitan menen bir karmashyp korso kandai bolot ele. taktap aitkanda ichindegi shaitandy kybaloo. an ychyn moldolorgo barysh kerek. janabashka kop metoddor bar.
18.02.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin keneshim amerikaga je evropaga barsin, al jerde geylerdi kadimkidey jakshi kabil alishat, mojet tyrmyshka chigip ketet. Visa jasatip barip korsyn.
18.02.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdin Kyrgyzstan onygo elek bizde geyler tyyralyy taptakir tyshynyk jok. Alar dele adam da ozdory kaalaganday jashoogo ykyktyy.
18.02.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kagylaiyn kyrgyzym emne bolup baratasynar ata bubabyz buga 4eiin jon ele jashap kelgen go bizdin saltka bizdin ulutka tuura kelbegen korunushtordu tashtasanar bolo.
19.02.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyrky kundo men geiler jonundo kop okup jatam,brinchi okuganda kulup myndai boluwu mumkun emes tamawalap jazgn go degem.A bugun bul jigittin jazgany okup,chyndykta koboiup jatat eken dep oilop kaldym.Men sizderden suranam,bul joldon alys bolunuzdarchy!Bul korunuw bizge jat,biz kyrgyzbyz.Owondo dagy allax aldynda kunooooogo batpanyzdar.Sizge men bul joldon kaitynyz deim,jaw ekensiz waitanga moiun sunban.
19.02.2011. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kop olkolordo bul nerse, kadimkidej ele korunush,alar ujlonup,bala bagyp alyshat,anyn emnesine ancha kajgyrasyn. Adam jaralgandan beri kancha ozgoruulorgo tush bolgon,kandaj bolso oshol bojuncha kala berse,mynchalyk dengeeldegi onuguu takyr bolmok emes, psicholog ejenin koz karashyna koshulbajm. Emnege adam ozun kyjnap ozgooruugo tush bolush kerek. Anyn tabigaty oshondoj jaralsa.
19.02.2011. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш бала....олуп калсан озуно ле жаман....андан корок жаны жашоо баштаганга аракет кыл....нурик пуриги жок жаны жашооо...
19.02.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizdikiler kyzdardy ala kachyp,alardy zordop ajal kylyp algany buga karaganda dagy oor kunoo.
19.02.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досум!Табияттан эмес бул,адамдын оз эркининен Гей болобу,лезби болобу,мозахистпи!? Озун терен ойлонуп кор,Жаратканыбыз аялды жаратып берсе,а биз баалабасак ,бул кандай корунуш?Анан дагы Кыргыздарга бул жарашпайт,тарыхта да жок!Кыргыздын намыстуу,туруктуу,эрдуу,ыймандуу, суйлогон созу так,кылган иши ак болгон жигиттер Жигит менен жатышса?!? Йе Тообо...!Бул кандайча!
Же бир тууганым же досум!Айтсан... сен тарыхта же китепте же манасчылардан уктунбу беле;
19.02.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас манас болуптур
Манастын уулу Семетей
Сейтек менен жатыптыр деп???

--ыя?Уккан эмессин,болгон да эмес,болбойт дагы!
мен учун сенин кылганын,
ушундай сыяктуу болуп жатат!!Жаны Жашоо Башта!Тагдырын Оз колунда!
Ата Эненди ойло,Эли Журтунду ойло,Жер каратпа Кыргыз элин!Жараткандан корксон албетте жаны кагазга сурот тарткандай тартып башта!
Суротун (жашоон) элге жарагандай,кызмат,кеоеги тийгендей болушу керек!!Кыргыз Элини даназалаган жигиттерде
19.02.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз Элин Даназалаган жигиттерден болосун деген чоон умутубуз бар!
Терен урмат менен Кыргыз Улуттук Корком Сурот Академиясынын караштуу Корком Сурот Колледжинин балдары жана кыздары!
Алга Кыргыз!!!
19.02.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигитте эч кандай куноо жок.Ал табиятынан ошондой жаралган.Тулку бою эркек болгону менен ан сезими(мээси) аялдыкы, ошондой эле тескеринче кыздарда да мындай нерсе бар(лезбиянкалар).Негизинен мындай нерсе эзелтеден эле болгон. Заман озгоргон сайын коом да,Конститутиялар да,адам укуктары да,медицина да озгоруп жатат.Дуйного салыштырмалуу Кыргызстан али артта экономикасы,саясаты,ан сезими,и т.д.Ошондуктан бул бала баарын тушунуп,ойлонуп иш кылса.


19.02.2011. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashka erkekderge akyl aitbai, ozun oshondoi onoboibu. Bul ish Haram- Jaratkan Kudai kyz,erkek kylyp jaratkan. Psihologdorgo kairyl, andai oidon aryl, jon ele meene kuiup alyp,erkekdi jakshy korom dei berbei.Al bytyshtyn kyylarga ishteri kalbai kalganda oilop tapkan ishteri.............
19.02.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күноолүү эмес дейсинер.Эмнеге күноолүү эмес накта күноолүү ушулар.Озун башкара албай шайтандын тилине кирип,дагы мусулманчылыктан кабарым бар деп коёт.Кыргыз намыской болчу эле.Мындайлар коп деп койгонуна эмне дейсин.Кыргыз деген атка татыктуу эле бололучу!
20.02.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin alysyrak tuganymdyn balasy bar, aga jakwy dagy jaman dagy aityshty,sabashty bolboit eken.Jany jylda Kyrgyzstanga bargam owondo kordum, kyzdardai kiyinet eken uiundogulor konup kalyshyptyr.kosmetikasyz jashai albaim deit adamdy olturup:))) kichinekei kezinde jylanach ele oinop jurchu janybyzda tan kalyp ele kaldym :). Bul jakta gei tanyshtarym bar alarga maani dele berchu emesmin birok Kirgyzstandan jana tuganyn bolso aiabai ele tan kalyshtuu bolot eken :)))
20.02.2011. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой койгулачы деги! "салтта жок, тарыхта жок", "кыргызга жарашпайт", "арам", "аллах" дегенинерди!
Киши бир эркелеп же эксперимент кылып коройунчу деп гей же лезби болуп аткансып!
Биринчиден! тарыхта болгон! болуп келген жана боло берет; экинчиден-эгер жараткан ушундай табият менен жараткан болсо, ЭМНЕ кылсын ал байкуштар?!
Абдан боорум ачыды, кандай жардам кылышты билбейм ((
Айтканга оной, ошентсе да жакшы адистер(психолог) менен иштешип корсон жакшы болмок! Бирок тиле
30.06.2011. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuray,Илгери араб өлкөлөрүндө болгон экен.Кудай каары келип,жер кыймылдап,бир айыл гейлерди жер менен жексен кылган экен.
20.02.2011. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок тилекке каршы мыкты психологдор бул тармакта жок болсо керек кыргызстанда; европадай мумкунчулугу бар болсо гана биздин олконун...Не болсо да, жараткан кийинкисин туздоп берсин!
20.02.2011. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuray га кошулам...Кыргызда мындай болгон эмес жарашпайт деп отКон кылымдын тушунугу менен калганбыз го...уже 21-кылымдын 2-чи он жылдыгында жашап жатабыз го...табияттта ар кандай аномалиялар, кубулуштар болуп атат...адамдар озгоруп атат заман озгоруп атат дегендей...Бул да болсо жаратылыштын жазмышы, геймин деп жатып албай, толук кандуу эркек болуунун жолун издеп атыптыр...ал эми эжеси м-н жездеси кыЗык адаМдар экен мунун абалын тушунуп, моралдык жардам корсотуулору керек болчу
20.02.2011. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай нерселерге тан калуунун кереги жок...ар нерсенин абалын тушуно билуу керек...
20.02.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Araketke bereken degendey, 4in jurokton bul joldon kutuluwka araket kil, kizdar menen katnawta bolgun kelbeseda ozundu zorduktap kizdar menen kop jolu katnawip kor, senin jurogun erkek erkek dep sogup kalgan, kizdar jonundo oylogonu araket kil. eger andada bolboso psihologdorda jardam beralbayt dep oyloym.
20.02.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир кээбир коментарийлерде гейликти онугуунун эталону катары кабылдангандай.."Гейлер онуккон олколордо кадимкидей корунуш, Кыргызстан али онуго элек бул корунуш жат" деген сыяктуу мааниде. Ал онуккон олколор балким башка жактан онуккону менен адеп-ахлак жагынан биздин заманга чейинки 1900 жылдарга тушуп бараткан болбосун? Анткени тарыхта гейлер жонундогу тушунук б.з.ч 1900 жылдардан башталат. Ал учурда Соддом жана Гоморе деген шаардын(азыркы Палестина аймагында жайгашкан деп айтылат)калкы
20.02.2011. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар турдуу адепсиздик-уятсыздык озгочо гомосексуалдуулук боюнча тарыхта из калтырышкан.Диний булактарда (Куран, Библия) Содом ж-а Гоморенин калкы Жараткандын каарына калышып вулкандын лавалары астында калып жок болушкан.
Ошондой эле Куранда гомосексуалдуулук жонундо "Аранарда эки эркек бир бирин арзууласа(гей болушса) аларды ал жолдон кайтаргыла.Эгер ал жолдон кайтып тообо кылышса аларды кыйноого албагыла.Алла Таала кечиримдуу(Тевваб) мээрими чексиз.."(Ниса суроосу 16-аят)деп айтылган.
20.02.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Onuguunun etalonu emes, adam ukugunun tepselenbeshi. Ar bir Adam Jurogu kaalagan adamdy sujuu ukugu. Ozun ozu, jana bashkalardy aldaboo bolup sanalat.
20.02.2011. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дмитрий Зимин: Это же не вопрос воспитания — это генетические особенности: определенный процент людей такими рождается.
21.02.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен буларга эчтемке дей албаймын!!! Транс сексуалдуулар десен тушунсон болот, а бут жагы эркек болуп туруп ички сезими аялдыкы болуусу фантастикалык корунуш, тфу-тфу, келечекте балдарымды кудай озун сактай кор! Айтуусуна караганда, эми буларга кенеш беруу менен озунун да аракети болбосо бул жолдон арылуу таптакыр кыйын го анда! Умут шамы колунда, очурсон анда калдын карангыда, а очурбой сактап, аракет кылсан чыгасын бул проблемадан! Сага ийгилик, бирок гейдин жашоосунда эмес - адамча жашоодо!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: