3-февраль күнү Омар Кыргызстандын атынан Астанада өткөн Эл аралык фестивалга катышып келди. Бул жана башка жаңылыктары тууралуу ырчы жигит өзү кеп салат.
– Омар, Астанада өткөн фестивалга кандай барып келдиң?
– 3-февраль күнү Кышкы Азия оюндарынын алкагында өткөн “Астана даусы” фестивалына барып катыштым. Өзүм “Сары-Ой” деген ырды дайындап барган элем. Бирок уюштуруучулар “сизди “How Long” ыры аркылуу бардык Азия эли тааныйт” деп ошол ырды ырдатышты.
– Ал жакта кандай кызыктарга күбө болдуң?
– Астанада Малайзия, Япония, Таиланд, Индонезия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн ырчылары менен жакындан тааныштым. Андан сырткары Батырхан Шукенов сыяктуу белгилүү адамдар менен чогуу отуруп, чогуу тамактанып жүрдүк. Казакстанда белгилүү болгон “Ринго” тобунун продюсери менен бир долбоордун үстүнөн иштешмей болдук. Буюрса, жакында ал тилегибиз да ишке ашып калат.
– Кыргызстандын атынан чыгыптырсың, колдоо көрсөткөндөр болдубу?
– Көп болбосо да Маданият министрлиги 30 000 сом акчалай жардам көрсөтүштү. Эң негизгиси, адамдын көңүлү деп коюшат эмеспи. Ошол сыңары бизге көңүл бөлүп, аз болсо да колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазычылыгымды билдирем.
– Рахмат маегиңе. Ар дайым бар бол, аман бол!
P.S. Омар 11-февраль күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин форумда түз байланышта жана эфирде болуп, суроолорго жооп берген. Ырчы жигиттин эфир аркылуу байланышынын кыскача бөлүгүнө төмөндөн күбө болосуздар.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
?кантип эле кыргызстанга жуз боло калды?