Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ-2025№1151 Жылан акылмандыктын, көмүскө даремет жана ички күчтүн символу. Ошондой эле жылан эки жүздүү да боло алат, андыктан ал башкарган жылдан сюрприз, күтүүсүз окуяларды күтө берсек болот. Эң башкысы – жылан бизге уусун чачпасын.
Кандай кырдаал болбосун лидерлик позицияны ээлегиси келген кой жылдызындагылардын бул сапатын жана энергиясын 2025-жылы планеталар күчөтөт. Адат, мүнөзүңүз жакшы жакка өзгөрө баштайт. Жаздан күзгө чейин жашооңузду ак тилке коштойт. Билимди жогорулатуу, саякаттоо, байланыштарды көбөйтүү, жеке жашоодогу маселелерди чечүү жаатында активдүү болосуз. Ишке баш-отуңуз менен киришип, кызматтан көтөрүлөсүз же жаңы милдеттерди аркалайсыз. Максатка умтулуунун жана амбициянын артынан ийгиликтерге жетип, тапканыңыз көбөйөт. Үйдөгү шартты жакшыртууга, бизнес баштоого же үй-жайды оңдоп-түзөөгө болот. Ден соолук жаатындагы көйгөй чечилет. Чет өлкөгө же өлкө ичинде иш сапарларга чыгуу жай мезгилинде күтүлөт. Күздө чөйрөңүздөгү адамдарды талдап, сизге жакпагандарынан кол үзө баштайсыз. Өзүңүздү өнүктүрүү, жаңы нерселерди өздөштүрүү менен алдыга жылууга болорун унутпаңыз. Иш менен жеке жашоону бирдей алып кетүүгө, убагында эс алууга умтулуңуз.
Букачарлар консервативдүү болушкандыктан жаңы өзгөрүүлөрдү кыйындык менен кабыл алышат. Жыл ичинде көптөгөн күтүүсүздүктөргө туш болушат. Жазга чейин максаттарга акырындап жетип, алгачкы ийгиликтер жашооңузду көркөм боёкторго бөлөйт. Март-апрель айларында жеке жашооңузда кыйынчылыктар күтүлөт. Иште, карьерада да өзгөрүүлөр болот. Жайында күтүлбөгөн жерден сунуш түшөт. Макул болуңуз, анткени ал сунуш сиздин кирешеңезди көбөйтүүгө жол ачат. Саякаттоону пландайсыз. Жай ошондой эле популярдуу болууга, жаңы досторду табууга ыңгайлуу мезгил. Эл алдына чыгып сүйлөөдө жолдуу болуп аброюңуз көтөрүлөт. Күздө көп кыймылдап, машыгуучу залга барып, келбетти калыпка келтириңиз. Ошондой эле баалуу буюм, турак жай же жер тилкесин сатып алууну күзгө пландаганыңыз жакшы. Жыл этегинде керексиз долбоор, байланыш, кийим, эмеректерден арылып, жаңыларына орун даярдаңыз.
Жылан жылы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, эсте каларлык жакшы көз ирмемдерди тартуулайт. Бирок максаттарга өжөрлөнүп, талбай мээнет кылуу менен жетүүгө аргасыз кылат. Позицияны бекемдөө үчүн чөйрөдөгүлөр менен тил табышууга баруу керек. Жылдыздар оптимиздин жардамы менен ийгилик жаратууга жол ачат. Ушундан улам кирешелердин кирүүсү туруктуу сакталат. Жайында идея алмашуу, таанышуу, баарлашуу, жаңы пландарга киришүү, сатып алуулар орун алмакчы. Ишке байланыштуу узакка сапарга чыгуу күтүлөт. Бойдоктор учурда кыз-жигит болуп жүргөн адамынан кол үзүшү мүмкүн. Жайында жаңы ишке сунуш түшөт. Канчалык пайдалуу болорун ойлонуп көрүңүз. Банктан алынган насыя, карыздардан убагында кутулуңуз. Ийгилик кубалайм деп өзүңүзгө душман арттырып албоо жагын эске алыңыз.
Жыл карьералык өсүш, таасирдүү, абройлуу адамдар менен таанышуу менен башталат дешет жылдыздар. Чоң максаттарга мартка чейин акырындан, бирок ишенимдүү жылуу күтүлөт. Иште сый-урматка татыйсыз. Жылан сизге каржылык ийгиликти убада кылат. Жаз кыймылсыз мүлк сатып алууга же башталып калган курулуш иштерин аягына чыгарууга, келбетти калыпка келтирүүгө, имиджди өзгөртүүгө ыңгайлуу убак. Июндан октябрга чейин тааныштардын жардамы менен өзүңүздү өстүрүү аракетинде болосуз. Саякат, бизнес, кошумча билим алуу маселесин күзгө чейин чечүү керек. Күздө көптөгөн жубайлар балалуу болуп кубанычка бөлөнөрү күтүлүүдө. Кыйынчылыктарга тике карап, аларды жеңүүгө умтулган бөйөндөргө Жылан жагымдуу жыл тартуулайт.
Жылдын биринчи бөлүгү жемиштүү болот. Арстандар жаңы идея, долбоорлор менен жакшылап иштешсе, таасири жана аброю өсөт. Май айынан октябрдын жарымына чейин жылдыздар жашооңузга оң таасирин тийгизишет. Кызматтан жогорулоого, үй-шартты жакшыртууга умтулуу керек. Июль айы жумуш алмаштырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Чет өлкөгө саякатка чыгууну пландайсыз, жыйынтыгы сиздин аракеттен көз каранды. Августта жагымсыз жаңылык угасыз же иш боюнча сапарга чыгууда көйгөйгө кабылышыңыз ыктымал. Күзүндө арстандардын каалоолору менен мүмкүнчүлүктөрү дал келип, кирешелери өсөт. Жагымсыз адаттарынан, “уулуу” адамдардан оңой кутулуп, жаңы мейкиндиктерди ача алышат. Жакындар менен өз ара түшүнүшүү, туруктуу мамиле үй-бүлөдө гармонияны камсыз кылат.
Жеке жашооңуз, баалуулуктарга болгон көз карашыңыз олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Буга жыл ичиндеги ар кандай сыноолор, өзүңүздү сырттан карап жаман-жакшы сапаттарыңызды анализдегениңиз түрткү болмокчу. Тагдырдын күтүүсүз бурулуштары кездешүүчү убак – жаз жана күз айлары. “Сараң эки жолу төлөйт” дегенди эске алып, чектен аша үнөмдүү болуп, арзан буюмдарды сатып ала бербеңиз. “Бул ишке киришсем жыйынтыгы кандай болот?” деп санаага батып отура бербей, айрым учурда тобокелге барсаңыз утасыз. Ошондой эле эмоцияны ооздуктап, бирөө сын айтып койсо эле элден обочолонуп бекинип албай, тескерисинче, курчуу жагын ойлонуңуз. Жылдын алгачкы 4 айын кыйынчылыктар коштошу мүмкүн. Май, июнда жагымдуу окуялар кубантат. Ишенимдүү тааныштар менен узак мөөнөткө кызматташууну макулдашып, ири киреше алып келүүчү ишке киришүүңүз ыктымал. Июлда чоң белектин ээси болууга даярдана бериңиз. Күз, кыштагы киреше материалдык пайда гана эмес, ырахат да тартуулайт. Үй-бүлөдө толуктоолор болушу күтүлөт.
2025-жыл сизге сюрприздерди даярдап жатат. Эсте калчу окуя, пайдалуу тааныштар, кызыктуу сапарлардын ээси болосуз. Айрым кырдаалдар сизди алдыга карай умтулууга, жашооңузду жакшы нукка бурууга түртөт. Өзүңүзгө болгон ишеним өсөт. Негизи Жылан жылы активдүү жашоо образын карманган, өзгөрүү, кыйынчылыктардан коркпогон таразаларга жагымдуу, жакшы жыл болуп берет. Азап тартып калбаш үчүн сизге жакшы түшүнүктүү болбогон ишке аралашпоо сунушталат. Жубайлардын мамилелеринин канчалык бекемдиги сыналат. Бири-бирине мамилелерин оң жакка өзгөртүп, жан шеригине көңүл бурбаса никени сактоо кыйынга турат. Бойдоктор иш сапарында же иш-чаралардын биринде жүрөгүнүн ээсин – болочок жарын табышы мүмкүн. Алган билимге жараша окутуу курстарын ачуу жаатында ойлонуу кажет. Көптөр күзүндө чоң иштерди бүтүрүп, жеңилдөөнүн ырахатын сезишет.
Чаяндар табиятынан бет алган жолунан кайтпаган өжөр, чыдамдуу болгондуктан Жылан жылынан коркпой эле коюшса болот. Амбиция, көрөгөчтүк, ийкемдүүлүк сапаттарынын арты менен терс эмоцияны ичке катып, кыйынчылыктардан чыгып кете алышат. 2025-жыл ичинде келечектеги жашоонун узак жылдар бою туруктуу болушу үчүн алдын ала пайдубал түптөшөт. Жылан жылы аларды ички ресурстарына үңүлтүп, жаңы таланттарын ачууга шарт түзөт. Акчаны күмөндүү иштерге коротпоо, бат баюуну убадалаган чала тааныш адамдарга ишенбөө керектигин эскертишет жылдыздар. Февралда кыймылсыз мүлк жаатында макулдашуулар түзүлөт. Мартка карата бүтпөгөн иштерди бүтүрүү, юридикалык маселени чечүү керек. Мартта сыйлык аласыз же буга чейинки элге көрсөткөн жакшылыктарыңыздын үзүрүн көрүп кубанасыз. Жайкы эс алууларда жаракат, кырсыктардын алдын алуу керек. Сентябрда жеке жашооңузду маанилүү окуя коштойт, даяр туруңуз. Ушул маалда бойдоктордо сүйүктүүсүн табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ноябрда стратегиялык ой жүгүртүп, ийкемдүүлүк жана куулукту колдонуу аркылуу күтүүсүз жерден акчага ээ болуп калышыңыз ыктымал.
Жылдыздар жаачыларга бакытка барчу жолду кантип кыскартуу керектигин ички туюмдары аркылуу сездиришет. Ошондуктан тагдырдын тикендүү жолдорун айланып өтүп, сыноолордон оңой чыга алышат. Тубаса дипломаттык сапаты карьералык өсүшкө, үй-бүлө мүчөлөрү менен мамыр-жумур жашоого шарт түзөт. Мартта иштеги, карьерадагы маанилүү этап аяктайт. Андыктан жаңы нерселерди өздөштүрүү, үйрөнүү, окуу курстарына баруу мүмкүнчүлүгү чыгат. Жай бир катар сюрприздерди тартуулайт. Мисалы, унутулган досторго күтүүсүз жерден жолугуу, үмүт үзгөн карыздардын кайтарылышы, жаңы жумушка сунуштар... Күздө башка жакка көчүү же үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу маселени чечүү керектелет. Бул маалда сабырдуулук талап кылынат. Акчаны үнөмдүү пайдаланыңыз, болбосо акча чогулбайт. Бойдоктор тааныш, дос же туугандардын кысымынан улам өзү толук таанып-билбеген адамга баш кошпошу керек. Анткени мындай жагдайда курулган никенин келечеги болбойт.
Тырышчаак жана эмгекти сүйгөн текечерлер лидерлик сапаттарын да пайдаланышса, жумушта ийгиликтерге жетип, кирешелерин көбөйтө алышат. Кошумча билим алуу, чет тилди үйрөнүү да максаттарга жетүүгө жардамчы болорун эскертишет жылдыздар. Бирок ашыкча иштеп ден соолукка оорчулук келтирбөө зарыл. Жазында өзүңүзгө ашыкча ишенип алып, аткарылышы кыйын милдеттерди, долбоорду мойнуңузга илбеңиз. Жыйынтыгы куру убара, абройдун төмөндөшү болуп калат. Жайында мамилелерде, жумушта тил табышууларга баруу пайда гана алып келет. Өкүнүп калбоо үчүн ойлонулбаган жерден кымбат буюмду шашылыш сатып албоо керек. Күзүндө максаттарга көңүлдү буруп, аларга жетүү жолдорун кылдат карап чыксаңыз ийгилик сиз тарапта болмокчу. Сүйүктүүңүз менен майда нерселер үчүн чырдашпасаңыз эле үйүңүздө гармония өкүм сүрөт.
Табиятынан башкалар менен бат тил табыша билген, жайдары мүнөз суу куярлар жыл ичинде кандай сыноо болбосун жеңип чыгышат. Бир эле убакта бир нече ишке киришпей, ички энергияны туура колдонгондо гана жакшы жыйынтыктар келет. Бюрократия, формалдуулук, кагаз иштери көп мекемеден жумуш сунушталышы мүмкүн, баш тартканыңыз оң. Коомдук иштерге да чеги менен аралашуу керек. Жазында керектүү документтерди бүтүрүү, келишимдерге кол коюу, буюртма аркылуу товар алдыруу иштери кечеңдеши ыктымал. Компания, бизнес ачам дегендерге март, апрель айлары ылайыктуу. Анткени жылдыздар оптимизмди күчөтүп, жол ачып берет. Жайдан тарта чогуу иштешкендер менен мамиле мурункудан жакшырат. Күздө стандарттуу эмес ойлор, новаторлук идеялар жаралат. Аларды ишке ашырсаңыз акчаңыз көбөйөт. Алдыны көрө билүүчүлүк касиетиңиз сизди туура эмес иш, кырсыктардан сактай алат.
Акылдуу Жылан эргүү берип, туура жолду көрсөтүп, максаттарга шыктандырып, каржыдан жолдуу кылып турат. Ошентсе да өзгөрүүлөргө моралдык жактан даяр туруп, ички туюмга ишенип, бир ишти баштаарда артын ойлонуу сунушталат. Кызматтан жогорулоо күтүлөт. Жеке жашоо анча-мынча жагымсыз окуяларды эске албаганда бир нукта болмокчу. Жыл ичинде шашылыш чечим кабыл албоо, күмөндүү иш-чарага катышпоо, чагымчылдарга кошулбоо керек. Болбосо оңою менен бүтпөгөн азапка кептелесиз. Пайда болгон кырдаалдарды тынч жерде отуруп, салкын кандуулук менен анализдөө керек. Ошондо андан чыгуу жолун таап, зыян тартпайсыз. Жазында кыймылсыз мүлк сатып алуу, дарылануу, жакындарга кам көрүү иши алдынкы планга чыгат. Июлдан октябрга чейин киреше көбөйөт. Күз түрдүү маанай, окуя, сыноолорду тартууламакчы. Көп нерсеге көзүңүз ачылып, курчуп, эркиңиз бекемделип, жашоонун баалуулугун сезип, ички дүйнөңүз өзгөрүлө түшөт.
Канымжан Усупбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|