Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)№1158
Жулмалашкан эки аялга арачы болгондор да бири-бири менен уруша кетишти. Тагыраагы, аялына болушмак болгон Ильясты Айымды коштоп келген туугандары көптөп “баары сенин айыңдан болуп жатат, аялыңа болушпай тилин тартсын де, өзү биринчи кол салды” деп беттен алып жатышты. Чынында, Атыргүл сабыры түгөнгүчө чыдаган, Ильяс экөөнүн бактылуу отурганын көргөн Айым өзү биринчи урушту баштаганы ырас болчу. Уруш болгон жерде кимдин үнү катуураак чыгып, ким көбүрөөк догуруна берсе ошонуку туура болгондой көрүнө берет эмеспи. Бул абалда да эл көбүрөөк ызылдаган Айымдыкын туура көрүп жатышты. Бир маалда аэропорттун күзөт кызматкерлери келип эки жаат болуп урушкан тараптарды эки жакка алып кетишти. Колдору тытылып, көйнөктөрү айрылып кеткен Атыргүл көпкө калчылдап өзүнө келе албай турду. Ичинен күндөшүнөн таяк жегенине ызаланса, дагы бир саамда күйөөсүнө болгон жек көрүү сезими ойгонуп кетти. Бирок Ильяска үн каткан жок. Анын арачалап калуу аракетин Айымдын туугандары “аялына болушуп жатат” деп түшүнгөнүн сезди. – Атыргүл, жакшысыңбы, суу алып келип берейинби? – Кереги жок, Ильяс! – Колдоруң канап кетиптир, келчи таңып берейин? – Жок деп жатам. – Жаным, баары менин айымдан болуп жатат. Түшүнөм, кечирчи жаман күйөөңдү,- Ильяс акырын басып келип Атыргүлдү кучактап жубатканга аракет кылды. – Жолобо мага, Ильяс! Ачуум тарабай жатат, азырынча жолобо. Ушул ажаан, эркектен кыйын мушташкан катындын койнунда кантип жаттың? Карачы бетимде тамтык калган жок. Эл “эки аял эр талашып мушташып жатышат” дешти. Мен эч кимдин эрин талашкан жокмун. Тескерисинче, коё бергем. Мына сенин түнкү жортуулдарың ушул нерсеге алып келмек. – Атыр, суранам, эзбечи, ансыз да өзүмдү жеп отурам. Ильяс аялынын колун таңып, суу берип жатканда Баян кара чемоданын сүйрөп келип калды. – Атыр жеңе, Ильяс байке! Үчөө бири-бирин көрүп кучактап калышты. Ильяс карындашын көпкө өпкүлөп, улам кучактап көтөрүп, жерге коюп жатты. Бир туугандар аябай сагынышыптыр. Бири-бирине күйүмдүү, камкор болуп чоңойгонуна маркум энесинин таасири чоң эле. Дайыма чогуу дасторкондо чай ичип отурганда “балдарым, ата-эне менен бир тууган эч качан табылбайт, ошол үчүн дайыма бири-бириңерге жөлөк-таяк болгула” деп көп айтчу. xxx Баян Орусиядан келип эле эртеси ооруп калды. Климат алмашкангабы же келип эле күчтүү тамактарды, чучук, казы-карта жегенгеби, ашказаны, башы ооруп тура албай калды. Абакка отуруп чыккандан кийин да саламаттыгы начарлап кеткен эле. Күндө ысык шорпо, имбирь чайын берип карап жаткан Атыргүл таң эрте кайын сиңдисинин бөлмөсүнө кирди. – Баянка, жакшысыңбы алтыным, байкең экөөбүздү аябай тынчсыздантып жатасың?.. – Жеңе, жакшымын, баары бир абактын сыз камералары ден соолукту жейт экен. Абакка отуруп чыккандан кийин тез-тез ооручу болдум. Тумоолоп калсам деле 3 күн турбай жатып калам, иммунитетим түшүп кетти окшойт, чамасы. – Алтыным, эми калыбыңа келесиң, бизде таза азык-түлүк, сүт-каймак, тоонун таза чөбүн жеген койдун этинен шорпо салып берип жатам. Бат эле мурунку калыбыңа келтиребиз, кам санаба. – Макул, жеңе, кичине уктап турайынчы. – Жок, Баян, бир жумадан бери жатасың, туруп таза аба жутуп короого чыгып отурчу, суранам. Келгенден бери короо-жайды деле көрө элексиң го. – Жеңе, суранам жаным жер тартып жатат, уктап туруп эле эшикке чыгам, сөз берем. – Макул... Баяндын турбай жатканына тынчсызданган Атыргүл короодо малга чөп салып жаткан күйөөсүнүн жанына келип сөз баштады. – Ильяс, Баяндын саламаттыгы начар, климатка шылтабай эртерээк ооруканага алып барып көрсөтөлүчү... – Тамак ичип, сүйлөп эле жатат го, Атыргүл, чымындан пил жасабай туралы. Негизи, ыраматылык атам ушинтип чет өлкөгө иш сапарга чыгып кайра келгенде организми көнгүчө турбай жатып калчу экен. Баянга атамдан өтсө керек. – Ии, ошондой эле болсунчу. xxx Чика Баянды Кыргызстанга узаткандан кийин өзү да мекенине кайтууга камданып жүргөн. Сүйлөшкөн жигитинин ата-энеси Чиканын ата-энесинин алдынан өтүп, тойдун датасы да белгиленип калган эле. Кетерге жакын ага көп жолу жардам колун сунуп, колдогон Кадыр акесин жолугушууга чакырган. Кадырдын абалы чынында оор эле, аялы менен ажырашып, бөлөк батирде жашап жүргөн. Мурунку батирдеги чогуу жашаган тааныштары аялы ал кетери менен башка эркекти үстүнө киргизип жашап алганын “сүйүнчүлөшкөн”. Аялынын кылыгын бир эстеп кейисе, бир четинен Кыргызстанда жүргөн үч чиедей баласын ойлоп эт жүрөгү эзилип жаткан. Кадыр жолугушууга убактысынан кечикпей келди – Ой-баай, Кадыр аке, эмне арыктап, жүдөп калгансыз? – Ээ, Чынара, сен сураба, мен айтпайын, көйгөйлөрүм чачтан көп, минтип аялымдын кылганы мени сындырып койду. Жашагым келбей калды, ичип кетейин деп өзүмдү араң кармап калдым, ишенесиңби?.. – Ишенем, акем, баары жакшы болот... – Уфф, өзүмдү начар сезип турам. Билесиң да оңго-солго басып жеңеңди көп ыйлаткам. Бардык өчүн менден бир чыгарып алды окшойт. – Түшүндүм, акем, жакшы нерселер жөнүндө кеп кылалычы... – Ошентеличи, өзүң кандайсың, Баянчы? – Баян Кыргызстанга жеткен, Ильяс байкеси Баяндын баласын тааптыр, көрөсүз эми Баяндын жашоосу 180 градуска өзгөрөт. Мен болсо турмушка чыгып жатам, тоюбузга бир ай калды. – Сонун жаңылыктар бар го силерде. Баянды узатканы бара албай калдым. Иштерим чыгып калды. Чика, уруксат берсең, бүгүн ичеличи суранам. Күйөөгө чыксаң мени менен чогуу ичип жүргөн күндөрдү деле сагынасың (күлүп). – Макул, акем, сизге эч нерседен баш тарта албайм го. Чика менен Кадыр ичип бир топ кызуу болуп калышты. Чика Кадырга суроо салды. – Кадыр аке, чын эле Баянды узатканы эмнеге келген жоксуз, бир жолу ичип отурганыбызда ага жылуу сезимдериңиз ойгонуп жатканын айттыңыз эле... – Эсимде, сен аябай кызгангансың, ээ, ошондо (күлүп)? Негизи, ошол нерсе өзүм менен калса, эч ким билбей эле койсо дегем. Кызуулугумдан пайдаланып кеттиң да... – Баянга сүйүүңүздү арнап, мамиле курсаңыз деле болмок, бирок такыр аракет кылган жоксуз, эмнеге? Жаныңызда мен “доступная” болуп жүргөнүм үчүнбү? – Чика, сен эми “профисиң” да, Москвада көп жылдан бери иштейсиң, көп жигиттерди элегиңден өткөрдүң дегендей, мени деле канча жылдан бери өткөрүп жүрөсүң... Чика акырын колу менен Кадырдын оозун жапты.. – Чүшш, акем, экөөбүздүн “мамилебизди” эч ким билбейт, жадакалса Баян дагы, келиңиз ушул нерсени сактап калабыз. Күйөөгө чыксам деле сиз менен мамилемди улантканга даярмын, эгер макул болсоңуз. – Жок, Чика, жолдошуңду бактылуу кылчы, суранам. Көп тоонун гүлүн жыттаган эркек катары айтам. Андан сенин баркың көтөрүлбөйт, алтыным... – Сиз Баянды сүйөсүз, Кадыр аке, мен билем, ага кылган мамилеңиз аяр, назик, айтор, башкача. Ал бир нерсе десе көздөрүңүз бажырайып кетет. Эмнеге, менин андан эмнем кем? Баян да Кыргызстанда жүрүп окуучу кезинде эле бузулган кыз экен... – Сенин Баяндан айырмаңды айтайынбы, Чика, бирок сен таарынбачы мага, макулбу? – Макул, аке, айтыңыз... – Сен акылдуусуң, көп нерсени билип, түшүнүп аң-сезимдүү жасайсың. Ал эми Баянда тазалык, аруулук бар, ал жашоосунда көп нерсени ишээнчектигинен жаңылып кылып алгандай сезилет. Аябай баёо кыз, митайымдыгы жок, жан дүйнөсүнүн тазалыгын сураба, аны менен бир жолу сүйлөшкөндө эле сездим, туйдум. Ал кызды деле өз кызыкчылыгым үчүн пайдалансам болмок, бирок дитим барбады. Тескерисинче, аны коргогум , жардам бергим келди, ишенесиңби? – А менчи, мени эмнеге Баяндай коргогуңуз келбейт? – Сен өзүң мени дос аке кылып алдың, Чика, досуң да, кээде каалооңду кандырган жигитиң да болдум. Кайсы жигиттер менен жатып, кимдерди акчага сындырганыңдан бери билем да. Мен андай сүйүүдө “тажрыйбалуу” кызды сүйүп калышым мүмкүн эмес эле. Сендеги нерсе бул баёолук эмес да, эсептешүү, балким, напсини тыя албоодур. Чика Кадырдын сөзүнө чычалап кетип жаагына бир чапты...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|