Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
«ЧЫНДЫКТЫ ЖАШЫРЫШПАСА БАЛАМ ТИРҮҮ КАЛМАК». Мектепте каза тапкан 15 жаштагы окуучунун энеси№1158
«Жүрөгү чоңоюп кетиптир» – Балам 8-класста окуп жаткан. 2025-жылдын 21-январында саат 8де баламды мектепке таштап, андан ары жумушка кеттим. Саат 10:39да класс жетекчиси чалып, “балаң ажатканадан жыгылып түшүп, 1-2 мүнөткө эс-учун жоготкон. Азыр медпунктта” деди. Мектепке саат 11:00 чамасында барып калдым. Медайым кан басымын өлчөдү, ал убакта балам жакшына эле отурган. Анан 5 мүнөттөн кийин “Тез жардам” кызматы келип, Аннастын дене табын ченеп, денесин карап “көгөргөн жери жок, үйүңөргө алып кете бересиңерби?” дегенинен макул дедим. Балам ордунан туруп эле “башым айланып, кускум келип жатат” деп калды. Балдар ооруканасына алып бардым. Врачтар текшеришти, анализ тапшырдык. Хирургдар баламдын ичин кармалап көрүп, “жакшына эле экен, бирок балдар уруп коюшкан окшойт” деп бири-бирин карап калышты. Палатага жаткырып, тамчылатма дары коюшту. Балам кусуп, башы айланып кыйналып жатты. Түнкү саат 10дордо хирург дагы текшерип, “боор жагы ылдый түшүп калыптыр го” деп калды. Рентгенге башын, ичин тарттырдык, “таза” деп жазып беришти. Кайра тамчылатма дары коюшту, бирок баламдын абалы жакшырган жок. Түнкү саат 12де хирург кайра келип, көрүп эле “хирургия бөлүмүнө, реанимацияга” деди. Алып кирип кетишти. Саат 3төрдө чыгып “жүрөгү чоңоюп кетиптир, мурун жүрөгү ооручу беле? Балдар уруп коюшкан эмеспи?” деп сурашты врачтар. Эжекеси, классташтары “жыгылды” дешсе, аларга ишенгем да, врачтарга “жыгылыптыр” деп жаттым.
– Эртеси эртең менен кардиолог көрүп, жүрөгү чоңоюп кетиптир деди. Баламды кардиологиянын реанимациясына которушту, ошол күнү кечинде жолдошум Орусиядан учуп келди. Эки күн бою врачтар “жакшы эле” деп жатышты. Анан эле “бөйрөгү иштебей калды, заарасы чыкпай жатат” деп дүрбөлөң түшүп калышты. Кардиологиядагы врачтар да “балаңарды уруп коюшкан жок беле?” деп сурап жатышты. Ошентип экинчи аптада боорунун иштеши начарлап, баламдын абалы оорлошту. 24-январь күнү балам окуган мектептин директору менен класс жетекчиси ооруканага барышты. “Мектепте видеобайкоо системи иштейби?” деп сурасак, “1 жылдан бери иштебейт” деп коюшту. Чыйпылыктап, “окуучулардан сурагылачы, мүмкүн, балдар чогуу энергетикалык суусундук ичкендир” десем, “жок, балаңыз жыгылган” дешти кайра эле. 4-февраль күнү эртең менен балам каза болуп калды... «Классташтары баламдын сабалганын айтышты» – Чындыкты баламдын досторунан уктук. Окуя мындай болуптур: 9-класста окуган И.Т., дагы 2 бала, үчөө баламдын классындагы 6 баланы ажатканага алып киришет. Баламды И.Т. бир-эки урганда жыгылып түшөт. Баламдын жанында турган окуучуну да урат. Анан балдарга “Аннасты тургузгула” дейт. Өйдө тургузушканда баламдын өңү купкуу болуп, көзү аңтарылып, эси ооп калат. Жерге жаткырышып, бетине суу чачышат, 3-4 мүнөттөн кийин балам өзүнө келет. И.Т. “бирден чыгып кеткиле, камераларга түшүп каласыңар” деп балдарды чыгарып жиберет. Анан жанындагы бала экөө Аннасты медпунтка алып жөнөшөт. Бирок ага чейин, менимче, “эч кимге айтпайсың” деп баламды коркутушкан. Медпунктта медайым эмне болгонун сураса “жыгылдым” деп жооп берет. Мага да “кулап түштүм” деп койгон. «Чындыкты жашырышпаса балам тирүү калмак» – Мектептин жетекчилиги да, жашы жете электер менен иштеген инспектор да баламдын токмок жегенин жашырышкан. Окуядан кийин мектептин видеокамераларын өчүртүшкөн. Баламдын классташтарын “эч нерсе деп айтпагыла, ызы-чуу көтөрбөгүлө” деп коркутушкан. Балдар го коркконунан айтышпады дейли, бирок эжекелери эмнеге жашырышты? Башында эле "балдар уруптур" дешсе, врачтарга так диагноз коюуга, дарылап аман алып калууга мүмкүндүк берет эле да. Баламдын жүрөк оорусу жок болчу. Төрөлгөндөн берки врачтардын текшерилүүлөрү, анализдери медкарточкасында жазылып турат. Баламдын достору башка балдар акча талап кылып, коркутуп келишкенин айтышууда. Мектеп рэкетчиликке көз жумуп, чара көрбөй келген. Буга бизде далилдер бар. Баламдын телефонунда “50 сом салып кой”, “500 сом котор”, “мынчанчы күнгө чейин 500 сом болуп калсын” деген аудиожазуулар, СМСтер бар. Аннас намыскөй болчу. Рэкетчилик боюнча айтчу эмес. Кылмыш иши калыс тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Мектептерде рэкетчиликти токтотуу зарыл. Болбосо, эртең баламдын окуясы кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Аннасым жароокер, боорукер эле. Ооруп калсам апалап жанымдан чыкчу эмес. Чет тилдерге кызыгып казак, кытай, түрк тилдерин үйрөнүп жаткан. Кичинесинде актёр болом десе, акыркы 2 жылдан бери врач болом деп айтып калган эле. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайда Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130 (ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208-беренелери (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 16 жашар И.Т Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен тергөө иштери аяктагыча камакка алынды. Ал эми Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти №72 мектептин директору жана анын тарбия иштери боюнча орун басары, социалдык педагог жана класс жетекчиси жумуштан бошотулганын маалымдады. Кылмышка шектүү өспүрүмдүн жакындары жана адвокаттары азырынча комментарий берише элек. Мектептеги зомбулукту ачыктаган башка окуялар 12-февралда Кара-Суу районунда 9 жана 11-класстын окуучулары мушташып, 9-класста окуган Адилет Турдубаев алган жаракатынан улам көз жумду. 13-февралга караган түнү Жумгалдын Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу уруша кетип, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабыркаган бала классташы менен телефон талашып уруша кеткенин, классташы учтуу нерсе менен сол санына сайып жибергенин билдирди. Милиция жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси арыз жазуудан баш тартканын, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлады. ИИМдин Тергөө кызматы Бишкекте жана Кара-Сууда катталган 2 окуя боюнча тергөө жүргүзүлүп жатканын, кимдин кылмышка канчалык тиешеси болгону аныкталарын жана соттун чечими менен күнөөлүүлөр жаза алышарын билдирди. Мыйзамга ылайык, ден соолукка оор зыян келтирүү, адам өлтүрүү, опузалап акча талап кылуу сыяктуу кылмыштарга күнөөлүү деп табылган 14 жашка толгон өспүрүмдөр 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мектептеги рэкетчилик токтойбу? Мектеп рэкетчилигин токтотуу зарылдыгы тынымсыз айтылганы менен, токтобой келе жаткандыгы чындык. Баласынын тарбиясына көңүл бурбаган ата-энелердин жоопкерчилигин кароо керек деген да пикирлер көп айтылууда. Бул көйгөй мугалимдерди гана иштен кетирүү менен чечилбей турганы, ал үчүн комплекстүү чаралар талап кылынары түшүнүктүү болуп турат, сыягы.
Канымжан Усупбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|