Ош облустук кан борбору жылына 6 тоннага жакын кан даярдайт. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Мелис Ормонов билдирди. Аталган борборго 1 жылда 10 миңден ашык адам донор катары кан тапшыра турганы айтылат.
Облустук кан борбору жаңы имаратка муктаж экенин, мекеме 23 жылдан бери Ош облустук ооруканасынын жатаканасында жайгашып иштеп келатканын белгилейт Ормонов. Ошондой эле кадр жетишсиздиги курч бойдон калууда. 1993-жылы аталган борборго 42 штат берилсе, азыркыга чейин ошол 42 штат иштеп жатат. Дагы бир көйгөй – жабдуулардын эскириши. Муздаткыч, тоңдургуч сыяктуу жабдуулардын эскилиги жетип, эсептен чыгарылып жатканын айтты мекеме жетекчиси.
Ормонов жарандарды кан донору болууга чакырып, кан тапшыруунун ден соолукка коркунучу жок экенин билдирди.
– Айрымдар кан тапшырсак көз каранды болуп калабыз деп ойлошот. Инфекция жугузуп аламбы, түбөлүк донор болуп калбаймынбы деп чочулагандар бар. Бул туура эмес түшүнүк. Тескерисинче, кан тапшырган адамдардын каны жаңыланып, иммунитети бекемделип, организми жашарат. Эркектер жылына 5, аялдар 4 жолу кан тапшырышса болот. 55-60 килограмм салмактагы адамга бир алганда 400-450 грамм кан жоготуу норма болуп эсептелет, – деди Мелис Ормонов.