Кыргызстанда көк бөрү оюндары жанданат. 31-августта көк бөрү боюнча президенттин кубогу өткөрүлгөнү жатканын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
- Быйылкы жылы биздин улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эй жогорку даражадагы мелдеш – президенттин кубогу 25-жолу өткөрүлөт – деп билдирди Жунусалиев.
Эсиңизде болсо, өлкөдө көк бөрү мелдештери быйыл март айында убактылуу токтотулган. Буга Нооруз турниринде белгилүү көк бөрүчү Мирлан Сраждиновдун кырсыктап каза тапканы себеп болгон. Оюн учурунда күү менен келген ат аны катуу сүзүп, жаракат алган оюнчу ооруканага жетпей көз жумган. Адистер көк бөрүнүн эрежелерине өзгөртүү киргизүү, оюнчулардын коопсуздугун күчөтүү зарыл деп чыгышкан. Быйыл апрелде Көк бөрү федерациясынын жамааты жана команда жетекчилери бийликке кайрылып, оюндарды улантууга уруксат берүүнү суранышкан. Көк бөрүнүн эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгени же мурункудай бойдон калганы азырынча белгисиз.