23-июлда Тышкы иштер министрлигинде миграциялык маселелер боюнча жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакулов катышты. Жолугушууда негизги басым Кыргыз жарандарынын Орусиядагы жашоо шарттарына жана эмгек миграциясына жасалды. Кыргыз тарап Орусияга кетүү алдында мигранттарды сүрөткө тартуу, манжа издерин алуу жана медициналык кароону Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Мындан сырткары, Орусиянын көзөмөл тизмесине кирген жарандардын макамын мыйзамдаштыруу механизмин ишке ашыруу маселеси көтөрүлдү. Миграциялык борборлордо жана ИИМдин бөлүмдөрүндө документтерди кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу сунушталды. Кыргызстан менен Орусиянын консулдук кызматтарынын түз байланышта иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле, балдардын мектепке кирүүдө орус тили боюнча тест тапшыруу маселеси жана аны Кыргызстандагы ЖОЖдордун базасында өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.
Белгилей кетсек, расмий булактарда белгиленгендей азыркы учурда 350 миңден ашуун кыргызстандыктар Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт, мигранттардын саны Орусия - Украина согушу башталган күндөн тарта дээрлик эки эсеге азайган.