Нарын шаарында 19 жаштагы Р.Ж. аттуу жаран таанышын коркутуп, андан 3,5 миллион сом талап кылган деп кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-июлда Нарын ОИИБиге Б.А. аттуу тургун кайрылып, 2023-жылдын декабрь айынан бери таанышы опузалап акча талап кылып, коркутуп келгенин айткан. 2023–2024-жылдары жабырлануучу жалпы 770 миң сомдон ашуун каражатты накталай жана банк аркылуу бергенин билдирген.
21-июлда шектүү жаран 50 миң сом алып жаткан учурда кармалды. Азыркы тапта кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат. Кылмыш иши тийиштүү кодекстин 208-беренеси (“Кызмат абалын колдонуу менен акча талап кылуу”) боюнча иликтенүүдө.