22-июль күнү кечинде Нарын облусундагы Долон ашуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өлкөнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматтарга караганда, Ак-Талаадан Бишкекти көздөй бараткан Setra үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган автобус ашуудан ылдый түшүп келе жатып тормозу иштебей калган. Жолдон чыгып кетпеш үчүн айдоочу автобусту башка тарапка бурган. Бирок автобус Lexus үлгүсүндөгү жеңил унаанын капталын сүзүп өтүп, андан соң ачык жерге барып араң токтогон.
Кырсыктын кесепетинен бир аял каза болуп, 16 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты. Маалыматка ылайык, баардык жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аталган факт Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, тергөө амалдары башталды. Кочкор РИИБи автобустун техникалык абалы жана кырсыкка себеп болгон жагдайлар иликтенип жатканын белгиледи.