Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1175
1176
1177
1178
1179
1180
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)№1180
Ошентип келип турду Акбар. Аптасына, айына бир жолу болсо да Айкөл жашаган айылга келип, алыстан бир көргөнүнө ыраазы. Көзүнө көзү илинип, үнүн укпаса да ошого каниет кылчу. Анын мындай келесоодой жоругун эч ким түшүнбөйт эле, “акылың жайындабы?” дешмек. Түшүндүргүсү деле келген жок. Көкүрөктүн тээ түпкүрүнө катылган бир сыр, бир үзүм жылуулугу менен көңүлүн жылыткан өзгөчө сезим болчу. Качанкыга чейин созулат, качан бүтөт, белгисиз. Акылга салып өлчөнбөйт бул сезим. Баркын өзү гана билди, азабын да, асылын да дилинен өткөрдү. Күн булутка жашынып, кайрадан жаркырап чыга калганда адамдардын жан дүйнөсү кандай жарк этсе, дал ошондой бир кубанычтуу сезимдин кучагында жүрдү Акбар. “Бул сезим кимдердин шыбагасына жазылган болсо, кимдерге насип болгон болсо, ошол адам гана даамын сезет, андыктан бир мүнөттү да текке кетирбейм” деп өзү менен өзү эбак эле макулдашып алган. Анын айылга келип кетип жүргөнүн Айдар байкап калды. Атүгүл ким экенин да билди. Алгач билдирбей машинасынын номерин жаттап алып, аны милиция кызматында иштеген досуна айтып, ким экенин билип алды. Баягы Айкөлдүн биринчи концертинде сюрприз жасаган адам экенин билди. Акбар ким экенин, кимдин аркасында жүргөнүн да аңдады. Бир гана Айкөл эч нерседен кабарсыз эле. Ошол күнү адаттагыдай эле күйөөсүн сейилдетип жүргөн. Жол боюндагы так ошол машина жакка айдатты Айдар бул жолу. Так маңдайына келгиче Айкөл билбеди. Акбар буларды байкап, машинесин артка айдап кетмекчи болду, бирок Айдардын көзүнө көзү чалына түштү. Анын көзүндөгү менменсинүүнү байкады. Эрегиш ойноп кетти. “Эмнеден качам?” деп машинесинен түштү. Чукул келгенде Айкөлгө салам айтты. Келиндин каректери жалт этти. Мөлтүрөп, таптаза, таң калычтуу караган көздөр болчу. - Кандайсың, Айкөл? - деди Акбар токтоо. Үнү титиреп кеткени өзүнө гана билинди, берки экөө байкабады деле. - Айкөл сонун, абдан сонун! - деди какшыктаган күйөөсү. - Акыбалын сураганы эле аңдып жүрөсүңбү? Же башка да ишиң бар беле? Өзүнөн бир топ улуу адам экенине карабай сенсиреп сүйлөдү. Күрөө тамырлары көөп, бычакка түшө тургандай буулугуп турган жаш жигитти аяды Акбар. Башын чайкады, кетип калмакчы болуп машинесине бурулду. - Эй, токто дедим сага! - Сенсиребе... Айдар ого бетер күйүп-бышып кетти. Сөгүп берди. Айкөл тили байлангандай, бирде Акбарды, бирде күйөөсүн карайт. Дагы деле эмне болуп жатканын түшүнбөй турду. - Чегиңди бил, балакай... - Мен балакай экенмин, сенсиңби эркек? Жарым жашыңдагы кызга көзүң түшүп өлүп жүрөсүң, эркекти бул жакка коёлу, адамсыңбы сен? - Сен эч нерсе түшүнбөйсүң! - Сендейлерди жакшы билем, сулуу кыз көрсөңөр, акчаңарга, мансабыңарга таянып өлүп-талып аркасынан чуркайсыңар. Жалганбы эмне? - Эмне чын, эмне жалган сага айтып бермекмин, Айкөл турат жаныбызда. Аны сыйлайм, болбосо... - Хм, ошондой де. - Ошондой... - Кет Айкөл, биз эркекче сүйлөшөбүз -деди Айдар. - Айдар... - Кет дедим! – көзүнө заар толуп бакырып жиберди Айдар. Дир-дир эткен денеси калтырап турганынан, ээси ооп жыгылып калабы деп коркуп кетти Айкөл. Титиреп жаткан денесин кармай калайын дегенде ого бетер бакырды. Аргасыз ары басты Айкөл. - Кана, мага айтчу акыйкатыңды айт -деди өзүнүн титиреген колдорун карабаска тырышып Айдар. - Баркын бил, аяп үйрөн. Айкөл сенин, же ата-энеңдин менчиги эмес. Ал бул жерде, сенин жаныңда турса, демек, адамгерчилиги үчүн чыдап жатат. - Ал мени тандады. Ооба, так мени, майыптыгымды, ата-энемдин абалын, баарын көрүп, билип туруп тандады. Эки жолу өмүр берилсе, экисинде тең мени тандайт. Уктуңбу, кандай абалда болбоюн мени тандайт! - Билем. - Анда эмне салпактап, сагалап жүрөсүң ууру иттей болуп? - Сен эмнени түшүнмөк элең... – деди аргасы кеткен Акбар. - Ооба, сен айта турган акыйкат ушул эле беле? Эми жогол, экинчи жолу көрбөйүн сени бул жактан. - Дүйнө жүзү сеникиби? Мен басып турган жер сенин менчигиңби же Айкөл сенин менчигиңби? Мен каалаган жериме келем, каалаган адамымды карайм, каалаган адамыма көңүл бурам. Менин жүрөгүмө сенин эркиң жетпейт. - Ха, ха, колу-бутуңду сындырып, биздин айылдын жигиттери бир аңга таштап салганда өзүңө келесиң. Сени шашпа! - Макул, мени ошентип жогот, бирок өз абийириңден кантип качасың? Сен өмүр бою Айкөлдү жаныңда кантип кармайсың? Карачы, ким эле, ким болду? Ооба, мен аны сүйдүм. Сүйүү –деген эмне экенин билсең минтип турбайт элең. Бир көргөндө сүйдүм. Мен үчүн бул кетер-өтөр сезим эмес. Айкөл - мен үчүн... Айтсам да сенин акылың жетпейт, менин сезимиме. А сен мени тандады деп дердеңдеп жүрөсүң? Сүйсөң антпейт элең, анын бактылуулугу биринчи орунда болмок. Айкөл сени менен бактылуу болсо, макул элем. Чүнчүп, жоголуп бара жатат. Суранам сенден, аны коё бер. Камаба, жанын ачытпа, келечегин ойло. - Жогол! - Мен сенин ордунда болсом коё бермекмин. Канча сүйсөм да... - Экинчи көзүмө көрүнсөң, атып салам. - Баркын бил. Акбар машинесине отурду да айдап кетти. Айдар чаңга аралашып,башын шылкыйтып кала берди. Ыйлагысы келди, бирок жүрөгү ызага, тагдырына болгон таарынычына карарып кеткен эле, көз жаш чыкпады. Ичине бир от жалындап күйүп бараткандай сезилди. “Оо, Жараткан, жанымды алчы” деп жалынды ичинен. ххх - Суу... Уйкудан ойгоно албай жатты Айкөл. Түшүндө көздөрү жалынычтуу, аны аяп караган Акбар, бир жагында болсо ызадан жаагы карышып, бакырып жаткан Айдар. Ошентип экөөнүн ортосунда бир нерсе болуп жатып ойгонуп кетти, Айдар чын эле бакырып жатыптыр. Жаны кыйналганда, оору баса турган дары жардам бербей калганда ал ушундай бакырат. Ордунан атып турду. Суу берди. - Канчадан бери кыйкырып жатам, дүлөй болуп калдыңбы? – деп ызырынды күйөөсү. - Кечирип койчу, уктап калыпмын. - Оодарып койчу. Денеси жата бергенден эзилип бара жаткан, жанын ачытат, бир түндө улам бир жагына оодарып койбосо укташы мүмкүн эмес. Оодарып жаткырды Айкөл. Ушундай бул, үн катпайт, сөз кайрыбайт, канчалык кыйын болуп жатса да кашын жыйрыбайт. Акыркы убактарда анын ушундай үнсүз сабыры күйөөсүнүн жанын кашайтчу болду. Жок дегенде ыйласа, кыйкырса, айтканын аткарбай басып кетсе дейт. Кандай жаман мамиле кылса да, аны Айкөл сабыры менен, сүйүүсү менен жеңип келет. Акбардын сөздөрү жаңырды, “менин күнүм сенин үйүңдөн чыгып жаткан болсо, мен кантип келбей коём, мен кантип издебейм?” дегени эсине түштү. Кандай таамай салыштыруу? Ооба, Айкөл бир кезде жадыраган күндөй кыз болчу. Аттиң ай, өзү кырсыктап калбаганда кандай гана бактылуу күндөрү болмок алардын. Мээсине “тык” эте түштү. Өзүнүн ызасы, жан кейиткен азабы менен алышып жатып Айкөлдү унутуп койгонун сезди. Катасын сезди. Сөз менен жеп, какшыктап, жекирип жатканын байкады. Анын акысы бар беле антүүгө? “Тык” деди дагы бир ой. Өлүм жакын тургандай сезилди. Беш күндүк өмүрү калса да, жакшы өткөргөнгө эмнеге болбосун? Тиги туура айтат, кандай абалда болсун адамдай өмүр сүрүү керек. Куду үстүнө бирөө муздак суу төккөндөй чыйрыга түштү. Акылына келди. Жан азабы менен алышса да, инсанча жашап, өлүш керек экенин сезди. Канча убактан бери Айкөлгө куду анын жатып калганына, майыптыгына күнөөлүүдөй мамиле жасап келгенин ойлоп уялып турду...
(Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|