Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат алуунун баасын арзандатууну сунуштап жатат. Тийиштүү токтом долбоору ушул аптада коомдук талкууга коюлду. Азырынча баштапкы этапта турган бул өзгөртүүлөргө ылайык, жеке жактар үчүн айнекти караңгылатуунун баасы 30 миң сом (азыркы 50 миң сомдун ордуна) болору күтүлүүдө. Ал эми юридикалык жактарга 50 миң сом, чет элдиктер үчүн 70 миң сом деп белгиленет.
Мындан тышкары, документте айнегин караңгылатууга уруксат берилчү автоунаа түрлөрүнүн категориясын кеңейтүү сунушталууда. Тактап айтканда, M1G категориясына — сегиз жүргүнчү отургучу бар жеңил унаалар да кирет. Бүгүнкү күндө автоунаа айнегин караңгылатууга уруксат алуу кымбат кызматтардын бири бойдон калууда. Коомчулукта буга карата эки түрдүү көз караш бар. Бир тарабы унаанын айнегин караңгылатуу жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жол ачат деп каршы болсо, экинчи тарабы мындай кызматтын эсебинен мамлекеттик казынага акча түшөт деп колдоого алат. Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, айдоочуларга жеңилдик болору анык.