Кыргызстанда донордук канга муктаждык жогору бойдон калууда. Айрыкча жай мезгилинде донорлордун саны кескин азайганын Ден соолукту чыңдоо республикалык борбору маалымдады. Буга негизинен элдин эс алууга чыгып кетиши себеп болууда деп айтылат маалыматта.
Адистер ишканаларды, мекемелерди, студенттерди жана кайдыгер эмес жарандарды кан тапшырууга чакырышууда. “Донорлук - бул жашоону сактап калуу”,- дешет алар. Мындан тышкары, Улуттук кан борбору ишкана же окуу жайдан чакыруу болсо, көчмө топ менен өздөрү барып, кан алууга даяр экендигин билдирет.
Кан тапшыруу процедурасы болгону 30-60 мүнөттү алат. 18 жаштан 60 жашка чейинки ден соолугу чың адам донор боло алат. Адистер белгилегендей, кан тапшыруунун ден соолукка пайдасы бар: клеткалар жаңыланып, организм чыңалат.
Эскерте кетсек, кан тапшыруу алдында туура тамактануу, жетиштүү эс алуу жана айрым дарылардан баш тартуу керек болот. Ал эми өнөкөт оорулары барлар үчүн донор болууга каршы көрсөтмөлөр бар.