Кыргызстанда 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялар жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонд даярдаган токтом долбоорунда айтылат. Белгилей кетсек, индексация жыл сайын жүргүзүлөт жана ал Соцфонддун бюджети менен чектелет. Жаңы сунуш боюнча, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө 1,10 коэффициенти менен индексация жүргүзүлөт. Эгер камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашпаса, пенсия 600 сомдон кем эмес көбөйөт. Ал эми 50 миң сомдон жогору болгондор үчүн кошумча сумма 5 миң сомдон ашпоосу керек.
Бул өзгөрүү өлкө боюнча болжол менен 818 миң пенсионерге таасир этет. Соцфонд эсептегендей, индексацияга керектүү каражат 2 миллиард 43 миллион сомдон ашат.
Ошондой эле, 1-октябрдан кийин жаңы дайындалган пенсиялар пенсионердин жашоо минимумунан — 7100 сомдон төмөн болбошу керек деп белгиленди.
Айта кетсек, 2024-жылы пенсия эки жолу жогорулаган: базалык бөлүгү теңделип, камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга көтөрүлгөн. Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жаш.