Кыргызстан калкты медицина кызматкерлери менен камсыздоо боюнча КМШда арткы сапта турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында айтылды. Жыйында дарыгерлердин жетишсиздигине жана эскирген медициналык мекемелерге өзгөчө көңүл бурулду. Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ар бир 1000 адамга туура келген дарыгерлердин саны боюнча акыркы орунда. Министрдин айтымында, мунун башкы себеби – айлык маянанын аздыгы. Буга кошумча, өлкөдөгү 25 пайыздан ашуун медициналык мекемелер капиталдык оңдоого муктаж, 5 пайызы жараксыз абалда. Айрым ооруканалар дээрлик мындан 30-100 жыл мурда курулган.
Белгилей кетсек, ушул эле жыйында Улуттук статистика комитетинин маалыматы да айтылды. Ага таянсак, 2024-жылы өлкөдө өлүм көрсөткүчү 2,3 пайызга өскөн. Биринчи орунда - жүрөк-кан тамыр оорулары, андан кийин - рак, жаракат алуу жана уулануу, дем алуу органдарынын оорулары турат.
Өкмөт мүчөлөрү дарыгерлерге акча төлөөнү кайра карап чыгуу, дары-дармек менен камсыздоого кеткен бюджетти көзөмөлдөө, жеке клиникалардын лицензиясына талапты күчөтүү сыяктуу конкреттүү тапшырмаларды бекитти.
Касымалиевдин айтымында, саламаттык сактоо тармагында өзгөрүүлөр активдүү жүрүп жатат. 8,6 миллиард сомго 32 жаңы объект курулууда. 2021-жылы тармактын бюджети 26 миллиард сом болсо, быйыл бул сумма 49 миллиард сомго жетти.
- Жаңы жабдыктар, аппараттар алынууда, “Тез жардам” унаалары жана мобилдик комплекстер да сатылып алынууда. 2026-жылдан баштап дарыгерлердин маянасын көтөрүү маселеси каралат - деди ал.