Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгына караштуу милиция бөлүмүндө 25 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактар аркылуу билдиришти. Каза болгон жигит 9-август күнү саат 21:30 чамасында милицияга жеткирилген. Анын эжесинин айтымында, 15 сааттан кийин туугандарына өлүк сактоочу жайдан чалып, сөөктү алып кетүү керектигин айтышкан. “Денени кесип-ачуу биздин катышуубуз жок жүргүзүлдү. Инимдин денесинде ур-токмоктун издери бар. Төрт-беш кызматкер кармаганы байкалат. Телефону жоголгон, паспорту жок дешти. Бирок ал кармаларынын алдында досторуна жана мага чалып сүйлөшкөн”,- деп жазды маркумдун эжеси.
Аталган окуя боюнча кылмыш иши ачылды. 13-августта Башкы прокуратура билдиргендей, Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда (бийликтен аша чабуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө аракеттери прокуратура органынын көзөмөлү астында жүргүзүлүүдө.