Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин билбегени аныкталган айдоочуларга кайра экзамен тапшыруу үчүн эки ай убакыт берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин бөлүм башчысы Адилет Сейталиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочудан жол инспектору окуя болгон жерде экспресс-экзамен алат. Эгер ал экзаменден өтпөсө, айдоочуну агенттикке кайра экзамен тапшырууга жөнөтөт. Кайра тапшыруу үчүн эки ай убакыт берилет жана сынактан өтүү аракеттеринин саны чектелбейт. Эгер айдоочу белгиленген мөөнөттө экзаменден өтө албаса, аны автоунаа башкаруу укугунан ажыратуу чарасы көрүлөт. Маалыматтар “Түндүк” мобилдик тиркемесинде чагылдырылмакчы.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларды ошол эле жерде текшерүү тартиби киргизилет. Эгер айдоочу эрежелерди билбесе, анын айдоочулук күбөлүгү убактылуу тийиштүү мекемеге жөнөтүлөт, бирок жаран айдоочулук укуктан толугу менен ажыратылбайт.