13-августта Нарын районунда Эки-Нарын айылынын башка аймактар менен байланыштырып турган Нарын дарыясынын үстүндөгү көпүрө кыйрап, сууга кулаган Камаздын айдоочусу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Министрлик окуя катталары менен ал жерге куткаруучулар жөнөтүлгөнүн белгиледи. Учурда дайынсыз айдоочуну издөө иштерине жалпы 38 куткаруучу чыгып, алар 8 топко бөлүнүп, Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесинен Эки-Нарын айылына чейинки дарыя жээктеринде иш алып барышууда. ӨКМ былтыркы жылы министрликтин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Нарын дарыясынан Эки-Нарын айылына өтүүчү көпүрөгө изилдөө жүргүзүшкөнүн кошумчалады. “Жыгач көпүрө адам өмүрүнө, унаалардын өтүүсүнө кооптуулук жарата тургандыгы аныкталган. Былтыркы жылдын 18-сентябрында тиешелүү тармактарга жаңы көпүрө куруу сунушу менен коопсуздукту сактоо корутундусу жөнөтүлгөн”,- деп айтылат маалыматта. Айта кетсек, 13-августта SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кыйраганын дароо билдиришкен. Жергиликтүү тургундар да көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура алып бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп баратканда кыйраганын белгилешти. Алар тургундардын кайрылуусуна өз убагында чара көрүлбөй, жергиликтүү бийлик көпүрөнү оңдобой койгонуна нааразы.