Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул тууралуу 11-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган эле. Бул мыйзамдын негизги максаты - эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу болгон. Каршы пикирлер акыйкатчынын, Башкы прокуратуранын, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык соттун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалды. Эки же андан көп аял алганы үчүн жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет. Мыйзам аялдарды дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын, балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын, мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерине туура келет. Ошондой эле аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт жана өлкөнүн мыйзамдарында бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.