Кадимки биз күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн ширеңке кантип пайда болгон? Анын алыскы тарыхына көз чаптыралы. От табуу айласы менен көптөгөн окумуштуулар алышкан. XVIII кылымдын акырында француз окумуштуусу Клод Бертолле хлорат калий затын ойлоп табат. Кийинчерээк бул зат окумуштуунун ысымынан “бертолет тузу” аталышын алган. XIX кылымдын башында маканка деп аталган ширеңкелер пайда болгон. Ичке жыгач күкүмдөрүн бертолет тузу менен аралаштырышкан да, аларды күкүрт кислотасынын эритмесине малынгандан кийин күйгүзүшкөн.
Ал эми биз колдонгон “кургак” ширеңкелер 1827-жылы пайда болгон. Аны англиялык химик, дарыканачы Жон Уокер ойлоп тапкан. Окумуштуу жыгач таякчанын башына бертолет тузу, сурьма сульфид жана гуммиарабик аралашмасын сүйкөп, кургаткан. Кургаган таякчаны кум кагазга (наждачная бумага) сүрткөндө таякчанын аралашма кургаган башында от пайда болгон. Ойлоп тапкан ширеңкесин өндүрүшкө салып, дарыканасында сата баштаганда коомчулук тарабынан суроо-талап күч болгон. Анткени мурдагы маканка ширеңкесин жаныңда алып жүрүү үчүн сөзсүз бир бөтөлкөдө күкүрт кислотасынын эритмеси болушу керек эле. Маканканы дегеле чогуу алып жүрүү ыңгайсыз болчу. Жон Уокер ширеңкесин атайын калай пеналдарга салып, ичине кум кагазды кошуп сата турган. Бул ширеңкенин да кемчилиги бар эле – жыты өтө жагымсыз болчу.