Улуу Британия бийлиги “Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам берген” деп Кыргызстандагы айрым каржы уюмдарына санкция киргизди. Бул тууралуу Британия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди. Санкцияга “Орусия тарабынан аскердик товарлар үчүн төлөм жүргүзүүдө колдонулуп жатат” деп кыргызстандык “Капитал банк” илингени белгилүү болду. Буга чейин “Керемет банкка” АКШ тарабынан санкция киргизилгени белгилүү.
21-августта президент Садыр Жапаров бул санкциялар боюнча пикирин билдирди. Жапаров бул окуяны күмөн саноо менен байланыштырып, муну Кыргызстандын үстүнөн басым жасоо аракети катары баалай турганын билдирди.
– Эч бир далил да көрсөтө алышкан жок. Баягы эле күмөн саноо. Мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт,- деди президент Жапаров.