20-августта Бишкекте “Zakovat Asian Cup” интеллектуалдык оюну боюнча Азия чемпиондугу өтүп, анын ачылышында Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева сөз сүйлөдү. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына, андагы каармандарга токтолду.
– Менин эң жакшы көргөн жазуучум – Чыңгыз Айтматов. Анын чыгармаларын окуп, айрыкча “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Жамийланы”, мен кыргыз элинин жан дүйнөсүн түшүндүм. Бул элдин улуулугун, өз жерине берилгендигин, адамзатка болгон сүйүүсүн дал ушул Айтматовдун чыгармалары аркылуу билдим,- деди Мирзиёева.
Ал Айтматовдун “Ак кеме” повестин кайталап окуганын эске салды.
– Өспүрүм кезде мени “Ак кеме” повести өзгөчө таасирленткен. Ачыгын айтканда, аны көзүмө жаш алып окугам. Сапарга даярданып жатып “Ак кемени” дагы бир жолу окудум. Момун ата менен анын 8 жашар небересинин тагдыры аркылуу чыгарма кайгылуу көрүнүштү баяндайт. Автор өзүнүн каарманына ысым бербей, жөн гана бала деп атаган. Мен да балага кошулуп Ак кемени күткөм. Ал сөзсүз келет, келип Момун ата менен анын небересин алып кетет деп ишенгем. Бирок чыгарма кайгылуу аяктайт. Азыр ушул сахнада туруп мен символикалык түрдө ошол балага кайрылгым келет: Бала, билесиңби, сен күткөн Ак кеме келди,- деди Мирзиёева.
Ал муну учурда Кыргыз-Өзбек алакасынын жакшырып, чек аралар ачылып, элдин карым-катышы жакшырганы менен байланыштырды.