Кыргызстанда жакында эттин баасы кескин кымбаттап кеткенде Айыл чарба министрлиги сыртка мал экспорттоого чектөө киргизген эле. Бирок аталган министрликтин жооптуу адамдары бул кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланууну көздөшүп, бирок кыңыр иши ачыкталды. Тагыраагы, айыл чарба министринин орун басары Н.С., Ветеринардык кызматтын жетекчиси К.У., министрликтин бөлүм башчысы М.Э. жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы Н.у.Б. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюуну көздөп, мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө караштуу адамдарга квота беришкенин билдирет УКМК. Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз берилген квоталарды дыйкандарга жана мал экспорттоо менен алектенген адамдарга сатышкан. Баасы: 1 баш бодо малга 300 доллар, кой-эчкиге 5 миң сомдон болгон. Бул коррупциялык схеманын жардамы менен Жалал-Абад облусунун аймагынан 40 миңден ашык бодо мал Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, бул жагдай өлкөдө эттин кымбатташына себеп болгонун белгилейт атайын кызмат.
Министрликтин аталган кызматкерлери жана ортомчу ишкерлер кармалып, камакка алынышты. Тергөө башталды.