Президенттин фондунан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине бөлүнгөн 300 миллион сом майнапсыз иштетилген. Тагыраагы, мамлекетке 27 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды деп билдирди 26-августта Башкы прокуратура.
Маалыматка таянсак, текшерүүдө
7,6 миллион сом максатсыз жумшалгандыгы, Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан мониторинг жүргүзүлбөй 6,2 миллион сомдук спорт шаймандары кымбат баада алынгандыгы, министрликке караштуу “Кыргыз Маданият Сервис” ишканасы тарабынан фонддун эсебинен сатылып алынган 13,2 миллион сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынгандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке жалпы 27 миллион 127 миң 820 сом зыян келтирилгени айтылат. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.
Аталган министрлик Башкы прокуратуранын маалыматын ырастап, айтылган сумма 2023-жылы которулганын билдирди. Министрлик иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдады.