Быйылкы окуу жылында Кара-Кулжа районунун Сай-Талаа айылында Сооронбай Жусуев атындагы мектеп жабылууга тийиш эле. Анткени тийиштүү министрликтин буйругу бар экенин 26-августта Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Тутуева да ырастаган.
– Жусуев атындагы мектепте 100дүн тегерегинде окуучу окуйт, 4 эле окуучу окуган класстар дагы бар. Былтыр окуучулардын саны аз мектептерди оптимизациялоо боюнча министрликтин буйругу чыккан,- деген эле Тутуева SUPER.KG порталына. Жабылчу мектептин окуучулары жакын жердеги башка мектепке которулары күтүлүп жаткан.
Бул арада аталган айылдын тургундары бийликке кайрылуу жасап, Жусуев атындагы мектепти жаппай сактап калууну талап кылышты.
– Бул айылда калктын саны аз болгону менен, мектептин шарты дагы ошого ылайык. Мектепте жалпы 120 окуучу бар, 23 мугалим жана 9 техкызматкер иштейт. Алайкуу бийик тоолуу аймак, башка айылга барып окуп келүү абдан кооптуу. Кычыраган кышта балдар кыйналышат,- дешкен тургундар.
27-августта Алмагүл Тутуева Сооронбай Жусуев атындагы мектеп жабылбай турганын билдирди. Маселе Агартуу министрлиги менен макулдашылды, мектеп өз ишин улантат.