Ашкөктүн (укроп) жыпар жыты тамактын даамын, жытын арттырууга жардам берет эмеспи. Кышкысын да ошондой жыпар жытка ээ болуу үчүн аны туура тоңдуруп алуу керек.
1. Ката
Ашкөк сууну губкадай эле жутуп алат, жуугандан кийин тоңдургучка салсаңыз, суу тоңуп, музга айланып, ашкөк болгон пайдалуу касиетин жоготуп коёт.
Эмне кылуу керек?
Эгер ашкөк таза жерде өссө, аны жуубай эле бир сыйра чаңдарын күбүп койсоңуз болот. Эгер жууш керек болсо, сөзсүз сүлгүнүн үстүнө коюп кургатып (көлөкө жерде), купкургак болгондо гана тоңдургучка саласыз.
2. Ката
Ашкөктү туураганда жыпар жыт берүүчү эфир майлары абага чыгып кетет да, сууланган жерлерин муз каптап, тоңдурганда дагы пайдасын жоготот.
Эмне кылуу керек?
Туурабаңыз, сабагы менен эле кургатып, тоңдуруңуз. Кийин тамакка кошордо эле сабактарын кесип саласыз.
3. Ката
Ашкөктү көп өлчөмдө тоңдуруу көп убакытты талап кылат да, баягы муз кристаллдары пайда болот.
Эмне кылуу керек?
Тактайга ашкөк сабактары бири-бирине тийбегидей жайып, тоңдургучка салып тоңдуруп алабыз. Жакшылап тоңгондон кийин гана пакетке же контейнерге салып коюу керек.
Дагы бир лайфхак, ашкөктү тактайга жайгандан кийин алгач муздаткычка салып муздатып, алдын ала тоңдурууга даярдап алган жакшы. 1-2 сааттан кийин тоңдургучка салып коёсуз. Негизгиси, көп эмес, аз-аздан тоңдуруу кажет.