Кыргызстанда жаш үй-бүлөлөргө жана ата-энелерге арналган атайын окуу курстары киргизилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук талкууга чыгарган долбоордо айтылат.
Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө акыркы жылдары үй-бүлөлүк көйгөйлөр күч алууда. 2021-жылы ажырашуу көрсөткүчү 31,8 пайызга өсүп, 12 миңден ашык жубай ажырашкан. Бул акыркы 11 жылдагы эң жогорку көрсөткүч деп айтылды. Мындан тышкары быйыл өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 35 пайызга көбөйгөн. Милициянын электрондук каттоо журналында 10 миң 164 учур катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миңден ашык окуяга көп.
Адистердин айтымында, жаш жубайлар материалдык камсыздоонун жетишсиздиги, турак жай көйгөйү, жумушсуздук жана өз ара мамилелерге байланышкан кыйынчылыктар менен көп кездешет. Бирок алардын баары эле психологдорго же социалдык кызматкерлерге кайрыла албайт. Ушул себептүү министрлик бул багытта атайын курстарды уюштурууну сунуштап жатат.