Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүү демилгеленди. 3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңеши мындай сунушту талкуулап, жактырганы белгилүү болду. Долбоор эми президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө жөнөтүлүп, ал жактан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери айтылды. Демилгени көтөргөн шаар мэри Эрнисбек Ормоков сунуш элден түштү деп билдирди.
– Элден "шаардын атын өзгөртүп бергиле" деген талап болду. Бул демилге кечээ же бүгүн эле пайда болгон жок, мурдатан эле сунуштар болуп келген,- деди Ормоков.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке качан киргизилери азырынча белгисиз. Мындай демилгени шаардык кеңеш өз алдынча көтөрө алмак эмес, бир күндө карап, депутаттардын жапырт колдоп беришкенине караганда маселе жогорку жактан чечилип калган сыяктанат.