Кыргыз авиокомпанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча иштер аяктап калды. 19 жылдан берки чектөө алынышы мүмкүн экенин президент Садыр Жапаров 8-сентябрда Нарын жана Казарман аэропортторунун ачылыш аземинде билдирди. Быйыл, 7-октябрда Кыргыздын Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен жолугушуу өткөрөт. Жыл соңунда, тагыраагы, 2025-жылдын декабрында акыркы аудит жүргүзүлмөкчү.
Азыркы учурда “Манас” аэропорту эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аудитинен өтүүдө. Бул аудиттин ийгиликтүү жыйынтыгы өлкөдөгү авиациялык кызматтардын сапатын жакшыртат, Кыргыз авиациясынын эл аралык аброюн көтөрөт, Кыргызстандын авиакомпанияларынын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарат деп күтүлүүдө. ICAO аудити эл аралык авиациялык коопсуздук стандарттарынын жана сунуштарынын сакталышын жана инфраструктураны комплекстүү текшерүүнү өзүнө камтыйт. Кыргыз авиакомпанияларынын учактары 2006-жылдан бери Европа мамлекеттерине уча албайт. Кыргыз тарап “кара тизмеден” чыгууга аракет кылган. 2018-жылы өлкөгө Эл аралык жарандык авиация уюмунун адистери келип, текшерүү жүргүзүшкөн. 2019-жылы “кара тизмеден” чыгуу пландалып, бирок жыйынтык чыккан эмес.