Өлкөдө менчиктештирилип кеткен айрым мүлктөрдү мамлекетке кайтарып алууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды.
Документ “1991–2024-жылдар аралыгында менчиктештирилген айрым объекттерге карата амнистия жөнүндө” деп аталып, парламенттин тиешелүү комитетинин кароосунан өттү.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын жеке менчигине болгон укугун коргоп, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Депутат Элдар Абакиров мындай дейт:
– Адамдар мүлккө акча салуудан жана кредит алуудан коркуп жатышат. Биз бул мыйзам менен мыйзамдуу акчага сатып алынган объекттерди эч ким тартып ала албай тургандай кылууну көздөйбүз. Эгерде башка кожоюн сатып алган болсо да, 90-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилген деген шылтоо менен тартып алуу болбойт. Бирок бул социалдык объекттерге тиешелүү эмес.
Демилгеге каршы пикирлер да айтылды. Депутат Надира Нарматова мыйзам долбоорун “мурдагы мыйзамсыз менчиктештирүүлөрдү актайт, мамлекеттин саясатына каршы келет” деп сынга алды. Анын айтымында, мындай демилге мамлекеттин кызыкчылыгына зыян тийгизиши мүмкүн.