Орусиянын Мамлекеттик Думасында жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттарына айлык маянасынын көлөмүнөн ашыкча суммадагы акчаны чет өлкөгө которууга тыюу салуу каралууда. Демилгенин авторлорунун айтымында, азыркы мыйзамдар мигранттардын четке жөнөткөн акчасы менен алардын расмий кирешесинин дал келүүсүн көзөмөлдөй албайт. Документте белгиленгендей, мигранттардын олуттуу бөлүгү көмүскө экономикада иштеп, салык төлөбөй келишет. Мунун айынан мамлекеттик бюджетке олуттуу киреше түшпөй жатат дешет алар. “Эгер мыйзам кабыл алынса, киреше булагы такталбаган каражаттарды жөнөтүүгө мүмкүн болбойт. Ошондой эле күмөн жараткан операцияларды бөгөт коюуга шарт түзүлөт”,- дешти демилгечилер. Документтин парламент тарабынан кабыл алынышы мигранттардын акча которууларына түздөн-түз таасир этмекчи.
Мындан тышкары буга чейин Мамдуманын айрым депутаттары мигранттарга үй-бүлө мүчөлөрүн Орусияга алып келүүгө тыюу салууну сунуш кылышкан. Бул сунуш азырынча комитеттерде талкууланууда.