Өкмөт жарандардын кайрылууларын чогултууга жана мамлекеттик кызматтардын сапатын көзөмөлдөөгө багытталган жаңы “Отзывы” маалыматтык системинин презентациясын өткөрдү. Систем мамлекеттик органдар менен жарандардын ортосундагы ачык байланыш үчүн санариптик платформа. Ал аркылуу жарандар мамлекеттик кызматтын сапатын баалап, сунуштарын киргизип, мыйзам бузуулар же көйгөйлөр тууралуу ыкчам кабарлай алышат. Өз кезегинде мамлекеттик органдар бул маалыматтардын негизинде көйгөйлөрдү тез арада аныктап, чара көрүүгө милдеттенет. Маалыматтык платформа президенттин администрациясына мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун туруктуу мониторинг кылууга мүмкүндүк берет деп айтылды.
Премьер-министр Адылбек Касымалиев тиешелүү башкармалыкка ар бир кайрылуунун өз убагында каралышына көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине QR-шилтемелерди жайылтуу милдети жүктөлдү.