Транспорт министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды унааларына кышкы дөңгөлөк салууга чакырды.
Караколдо 40тан ашык аскер кызматкерине ипотекалык үйлөр тапшырылды.
Октябрь айында өлкөдөгү мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болору маалымдалды.
1-3-октябрь күндөрү жана 6-октябрда Кыргыз-Кытай чек арасы жабык болору кабарланды.
Бишкекте 7 миң доллар пара талап кылган жактоочу кармалганы айтылды.
Парламент төрагасы: “Бишкектеги 4 райондун атын кыргызчалоо оюмдан кайта элекмин”.
Ош мэриясындагы кызматтык автоунаалар электр унааларга алмаштырылууда.
№1 СИЗОдо отурган ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялады.
Ысык-Көлдө облусту Алматы менен байланыштырган Түп – Кеген жолу ачылды.
Манас шаарында мамлекеттик тилдин эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып салынды.
Ысык-Көлдө 2-октябрда таңга жуук жер титиреди, жабыркагандар жок.
Казыбек Молдажиев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Баткендин Раззаков шаарында курулуп жаткан мектеп боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.
Ысык-Ата районунда 200 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.