2025-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиялар көбөйтүлдү. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, индексациядан кийин өлкө боюнча пенсиянын орточо көлөмү 11 миң 226 сомду түздү. Пенсиянын кезектеги көбөйтүү 818 миңден ашуун пенсионерге тиешелүү болгону айтылат маалыматта. Өкмөт бул ишке 2 миллиард 40 миллион сом багыттаган. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, индексация төмөнкү тартипте жүргүзүлдү:
Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсияларга 1,1 коэффициенти менен эсептелди. Ошол эле маалда ар бир пенсионерге кеминде 600 сом кошумчаланат.
Эгерде пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомдон ашса, анда кошумча төлөм 5 миң сомдон жогорулабайт. Башкача айтканда, 1-октябрдан тартып минималдуу пенсиянын жалпы өлчөмү 7 миң 100 сомго жетти. Бул көрсөткүч мыйзамда өзгөчө учурлар белгиленген категорияларга тиешеси жок. Ал эми пенсия курагы өзгөрүүсүз калды: аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш.