Мамлекеттик органдар кызматтык автоунааларды 5 миллион сомго чейинки баада сатып ала алышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунда белгиленди.
Белгилей кетсек, мурдагы токтомдо кызматтык унаалардын баасы 2 миллион сомдон жогору болбошу керек деп көрсөтүлгөн. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде каражат атайын эсептен бөлүнсө, анда унаанын баасы 5 миллион сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Өкмөт мындай чара “бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында” киргизилгенин билдирди. Бирок кандай категориядагы кызмат адамдары үчүн мындай баага автоунаа алууга уруксат берилери токтомдо так көрсөтүлгөн эмес.
Документтин тиркемесинде премьер-министр жана анын орун басарлары, Жогорку сот жана Конституциялык соттун төрагалары менен орун басарлары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын башчылары жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери камтылган. Коомчулукта бул чечим кызуу талкуу жаратууда. Анткени акыркы жылдары өлкөдө үнөмдөө жана чыгымдарды кыскартуу маселеси дайыма талкууланып, бул максатта мамлекеттик мекемелерде кызматкерлердин саны кыскартылган учурлар бар.