Президент Садыр Жапаров 2020-жылкы октябрь окуялары боюнча “Кабарга” маек берди. Анда 5 жыл мурунку толкундоолорго, бийлик алмашуу процесстерине кеңири токтолуп, айрым жагдайларды ачыктады. Алардын бири – мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кантип кеткени.
– Сооронбай Шарипович 8-октябрь күнү пайда болду. 6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар “Сооронбай Шарипович Байтик айылы тарапта бир үйдө жатат экен, кармап, аянтка алып келип жазалайбыз” деп жөнөп калышыптыр. Колдорунда куралдары бар. “Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок” деп араң токтотуп калдым. Ал кезде элдин бардык талаптарына макул болуп жаттым... Ошентип, 8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр өтө оор өтүп жатты. 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти,- деди Садыр Жапаров.
Президент абактан чыккан учурдагы абалын, 3 жолу премьер-министр болуп шайланганын, бийликтеги алгачкы күндөрү, тоскоолдуктар тууралуу айтып, бул окуялар боюнча атайын китеп жаза турганын билдирди.
Ошондой эле Кыргызстандын мурдагы президенттерин Дубайда кантип жолуктурганын да кошумчалады.