Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкер болууну каалаган жарандардын арыздарын кабыл алууну улантууда. 8-октябрга карата алардын саны жүздөн ашты.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров 8-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдө 59 шайлоо тилкеси бар экенин, кошумча дагы 41 шайлоо тилкесин ачуу сунушталып жатканын билдирди. Жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо тилкесин түзүү пландалууда.
Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат.
Шайназаров электрондук добуш берүү жана аралыктан добуш берүү эки башка нерсе экенин айтат. “Электрондук добуш берүү – бул шайлоочунун үйдө отуруп телефон же компьютер аркылуу добуш бериши. Аралыктан добуш берүү – бул жарандын кайсы жерде жүргөнүнө карабай каалаган шайлоо тилкесине келип, катталган аймагы боюнча бюллетень алып добуш берүүсү”,- деди ал.
30-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.