Бишкекте белгисиз адам көчөдө бир кызды сабап салганы тартылган видео интернет желесине тарады. Окуя 7-октябрда, саат 23:00 чамасында Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуяны көргөн күбөлөрдүн бири мындай дейт:
“Бир нече жолу ургандан кийин ал кызды жерге жыгып, дагы сабай баштады. Дароо айланасында жүргөн адамдар жардам көрсөтүштү. Бирок ал кызды жолдун аркы бетинде токтоп турган унаага сүйрөп барды. Унаада дагы бир эркек киши болгон. Көп өтпөй жолдон өтүп бара жаткандар жардамга келип, кыз унаадан түшүп калууга үлгүрдү. Алардын бири-бирин тааный турганы белгисиз”.
Жабыркаган кыз ага жардамга келген аялдар менен бирге окуя болгон жерден кетип калган. Бул окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы комментарий берип, факт каттоого алынганын, учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. Кошумча маалымат берилет.