Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2025-жылы чикунгунья вирусунун кеңири жайылуу коркунучу жогору экенин билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин дүйнөнүн 40 өлкөсүндө бул вирусту жуктуруп алган 445 миңден ашык жаран катталып, 155 адам каза болгон.
Уюм айрым аймактарда илдет күчөп кеткенин, бирок жугуу бирдей эмес жүрүп жатканын белгиледи. Ошол себептен уюм бардык өлкөлөрдү ооруну эрте аныктап, өз убагында чара көрүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, вирус жугузуп алган адамдардын башка өлкөлөргө сапарлары жана Aedes түрүндөгү чиркейлердин чагышы аркылуу жаңы аймактарга өтүшү мүмкүн. Иммунитеттин төмөндүгү жана чиркейлердин көбөйүшү оорунун кеңейишине өбөлгө түзүүдө.
Чикунгунья – чиркей аркылуу жугуучу вирус, ал дене табынын көтөрүлүшү, муундардын шишиши жана оорушу менен коштолот. Ошондой эле бул дарт булчуң ооруларына, баш ооруга, жүрөк айланууга, чарчоого, теринин кызарышына алып келиши мүмкүн. Быйыл жайында Кытайдын Гуандун провинциясында аталган илдет күчөп, кооптуу абал жаралганын адистер айтып чыгышканы белгилүү.