Коргоо министрлиги армиядагы уставга туура келбеген мамилелер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте Кыргызстандын Жазык кодексине, Жазык-процессуалдык кодексине жана Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр сунушталууда. Министрликтин маалыматына караганда, демилгенин максаты – аскер кызматкерлеринин ортосундагы “дедовщина”, зордук-зомбулук жана тартип бузууларга каршы күрөштү күчөтүү. Бул чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тапшырмасынын негизинде даярдалган.
Маалыматта айтылгандай, Куралдуу күчтөрдө жана башка аскердик түзүмдөрдө уставдык мамилелерди бузуу фактылары дагы эле кездешип, жоокерлердин моралдык-психологиялык абалына жана тартибине терс таасирин тийгизип келет. Долбоорго ылайык, жазалардын мөөнөтү жана өлчөмү жогорулатылат. Айрыкча Жазык кодексинин 338, 387, 388-беренелеринде жана Бузуулар жөнүндө кодекстин 423-беренесинде каралган санкциялар күчөтүлөт. Мындан тышкары административдик камак мөөнөтү 5 суткадан 10 суткага чейин узартылат жана айрым иштер боюнча “реабилитацияга жатпаган негиздер” менен ишти токтотуу практикасы жоюлат.
Министрлик бул өзгөртүүлөр аскердик тартипти чыңдоого багытталганын белгиледи.