Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаары келечекте Кыргызстандын борбору болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү мектеп директорлору менен жолугушуу учурунда билдирген. Анын айтымында, 2026-жылы Манас шаарына республикалык маанидеги үчүнчү статус ыйгарылат. Ташиев Жалал-Абадды Манас деп өзгөртүү чечими стратегиялык жактан туура болгонун белгилеп, бул аймак өлкө үчүн жаңы өнүгүү борборуна айланып баратканын кошумчалады.
«Айрым саясатчылар Манас борбор болот дешкен. Эгер биз татыктуу болсок, эмне үчүн болбосун? Убакыт көрсөтөт. Бирок борбор болуу үчүн шаар да, эл да даяр болушу керек. Борбор калаа болуу – чоң жоопкерчилик: ири каражат бөлүнөт, шаар заманбап, ыңгайлуу болушу зарыл»,- деди ал.
Ташиевдин билдиришинче, учурда Манаста ири курулуш жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатат. Шаарды өнүктүрүү боюнча пландар күчөтүлүп, жакынкы жылдары Манас Кыргызстандын эң заманбап жана өнүккөн шаарларынын бири болушу күтүлүүдө.