Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын ири шаарларында жүрүп жаткан миграциялык текшерүүлөргө байланыштуу жарандарга атайын сунуштарды таратты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, АКШдагы кыргызстандык консулдук мекемелер жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта болуп, кыргыз жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурларды көзөмөлдөп турат. Министрлик билдиргендей, эгер кыргыз жарандары кармалып же жардамга муктаж болсо, элчиликтер жана консулдуктар аларга дароо консулдук-укуктук жардам көрсөтүшөт- жарандардын укуктарын түшүндүрүү, адвокаттык колдоо алуу жана тиешелүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү аркылуу.
ТИМ кыргызстандыктарды АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого, массалык иш-чараларга, нааразылык акцияларына жана демонстрацияларга катышпоого чакырды.
Ошондой эле мекеме жарандарга төмөнкүлөрдү сунуштады:
•өздүк күбөлүгүн дайыма жанында алып жүрүү;
•иммиграциялык статусунун мөөнөтүн текшерүү;
•миграция кызматкерлери менен байланышта сабырдуу жана сылык болуу;
•документтерди түшүндүрмөсүз кол койбоо жана адвокатсыз көрсөтмө бербөө;
•кармалган учурда Кыргызстандын консулдук мекемелерине билдирүүнү талап кылуу.