Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январынан тарта кафе жана ресторандарда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга тыюу салынат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин антимонополдук саясат башкармалыгынын жетекчиси Акылай Кожомбердиева «Кабар» агенттигине билдирди. Анын айтымында, бул чара керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында кабыл алынган. Жаңы жобого ылайык, коомдук тамактануу жайлары кардарлар үчүн өз эрежелерин белгилей алышат, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тейлөө пайызын кошумча акы катары ала алышпайт.
«Эми эч бир кафе же ресторанда тейлөө үчүн өзүнчө акы алынбоого тийиш. Бардык чыгымдар: ашпозчунун кызматы, идиштердин сервировкасы, кызматкерлердин эмгеги – баары тамак-аштын баасына киргизилиши керек»,- деди Кожомбердиева.
Анын айтымында, айрым ишкерлер жаңы талапка нааразы болуп, баалар көтөрүлөт деп кооптонушууда. Бирок бул негизсиз экенин айтты: «Тейлөө акысы деп келген каражаттар иш берүүчүнүн эмес, кардардын эсебинен төлөнүп келген. Эми эмгек акы иш берүүчүнүн жоопкерчилигинде болушу керек».
Министрлик эреже бузган мекемелерге карата административдик жаза колдонуларын эскертти.