БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Кыргызстан бийлигин өлүм жазасын кайтаруу аракетин токтотууга чакырды. Ал мындай кадам эл аралык укукту олуттуу бузуу болорун эскертти. Бул тууралуу БУУнун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгү билдирди. Тактай кетсек, Кыргызстан 1998-жылы өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизген, ал эми 2010-жылы болсо аны мыйзам түрүндө толук жойгон. Өлкө ошол жылы Адам укуктары боюнча эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколун ратификациялаган.
Бирок 2025-жылдын сентябрь айында 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктоо жана өлтүрүү фактысынан кийин коомчулукта өлүм жазасын кайра киргизүүнү сунуштагандар чыкты. Бирок көпчүлүк адистер бул кадамга өлкө азырынча даяр эмес деп, каршылык билдиришүүдө. Азыр бул маселе Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу түрүндө коомдук талкууда турат.
Фолькер Тюрктүн айтымында, БУУнун документтеринде протоколдон баш тартуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Ошондуктан Кыргызстандын өлүм жазасын кайтарууга юридикалык укугу жок. Ал өлкө жетекчилигин жапа чеккендерди коргоого жана сот адилеттигин күчөтүүгө чакырды.