Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы болжол менен бир айга гана жетет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда өлкөгө күйүүчү майдын толук көлөмү келе элек. Мунун себебин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов түшүндүрүп, Орусиядагы бир катар мунай иштетүүчү заводдор пландуу оңдоого жабылганын, айрымдарына дрондор чабуул жасап, иши токтогонун айтты. Натыйжада Кыргызстан өкмөттөр аралык келишим боюнча каралган көлөмдөгү күйүүчү майды ала элек.
Айрым ЖМКлар Монополияга каршы кызматка шилтеме берип, учурдагы тартыштык баанын 15 пайызга чейин өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин жазышты. Азыркы тапта АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 80 сом 50 тыйынга жетти. Өткөн жылы ушул эле сапаттагы бензиндин литри 74 сом 7 тыйын болгон. Эксперттер жакынкы күндөрү баа дагы көтөрүлүшү ыктымал деп болжолдошууда. Тажрыйбадан улам белгилүү, күйүүчү майдын баасы көтөрүлөр замат өлкөдө азык-түлүктүн баалары асмандап кетет.