Кыргызстанда тамеки, алкоголь жана кант камтыган суусундуктарга болгон бааны көтөрүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселелери талкууланган жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маселе төрт жылдан бери талкууланып келет.
“Мурда аткезчилик коркунучу бар деп акциздерди көтөрүүгө болбойт дешчү. Бирок акыркы жылдары бажы, салык жана соода тармагында тартип орноду. Азыр укук коргоо органдары аткезчиликтин 90 пайызын токтото алат. Ошондуктан бааны көтөрүшүбүз керек. Алдыңкы бир жарым жыл ичинде тамекинин баасы жок дегенде 150 сом болушу шарт”,- деди Байсалов.
Ошондой эле ал учурдагы өкмөт кантка салык киргизгенин белгилеп, “ак кант – бул ак өлүм” деп мүнөздөдү. “Диабет көбөйүп, жашарып жатат. Мамлекет миллиондогон сомдорду дарылоого жана майыптуулукка жумшоодо”,- деп кошумчалады ал. Байсаловдун айтымында, акциздерден түшкөн кошумча кирешелер саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция түрүндө багытталышы керек.